Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш паркына кирүү акысы 8-июндан тарта көтөрүлгөнүн парктын администрациясы соцтармактагы баракчасы аркылуу жарыялады.
Жаңы тарифтерге ылайык, жаратылыш паркына кирүү үчүн чоң адамдар 250 сом, 7-14 жаштагы балдар 180 сом төлөшөт, ал эми жети жашка чыга элек балдар үчүн акысыз.
Паркка кирүү укугу бар электромобилдер үчүн кирүү акысы - 880 сом.
Буга чейин паркка кирүү акысы - чоңдор үчүн 200, 7-14 жаштагы балдар үчүн 150, ал эми электромобилдер үчүн 800 сом болчу.
Билдирүү жарыяланган баракчада баалардын көтөрүлүшү боюнча кызуу талкуу жаралган. Айрым жарандар Ала-Арчанын жетекчилигин жаратылыш паркын бизнеске айлантып алды деп айыпташса, айрымдар парктагы тейлөө иштери үчүн акыны көтөрүү зарылдыгын белгилешкен.
Ала-Арча жаратылыш паркында эс алуучуларды кабыл алган 20дан ашуун коттеж бар. Мындан тышкары туристтик тейлөө борбору – кафе, намазкана, даараткана, туристтер үчүн маалыматтык борбор курулган.
2025-жылдын 1-июнунан тартып паркка күйүүчү май, газ менен жүрүүчү автоунаалардын кирүүсүнө тыюу салынган. Келген конокторду парктын ичине атайын уюштурулган электр унаалар жеткирет.
Мындай чектөө экологиялык туруктуулукту сактоо багытында кабыл алынган.
2026-жылдын башында паркта аркан жол курулган. Ошондой эле жогору жагындагы тектирлерге эс алуучулар үчүн он чакты коттеж курулууда. Аркан жолдо жогору жакка көтөрүлүү акысы 600 сом болгону коомчулукта ар кандай пикирлерди жараткан.
Парктын жетекчилиги буга чейин "Азаттыкка" сезон маалында жаратылыш паркына күн сайын орточо 7 миң адам жана 900дөй унаа кирерин билдирген.
Ала-Арча улуттук жаратылыш паркы Президенттин иш башкармалыгына карайт.
Парк 1976-жылы негизделип, жапайы жаныбарларды көбөйтүү, байкоо жана азыктандыруу аймагы өзүнчө корукка алынган.(ZKo)