Күндүн катуу ысышына байланыштуу тамак-аштан ууланууну алдын алуу максатында Бишкектеги тамак ташуучу компанияларга эскертүү берилди. Бул тууралуу Бишкектеги Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башчысы Үмүт Сатыбалдиева Биринчи радиого курган маегинде билдирди.
Ал ысыкта эт, сүт азыктары жана андан жасалган тамактар, кондитердик азыктар тез бузуларын эскертти.
Үмүт Сатыбалдиева ошондой эле жарандарды тамак жасалуучу жана сакталуучу шарттарга да көңүл бурууга чакырды.
"Тамакты буйрутма менен алдырып жемей көбөйдү. Ошондуктан биз тамак ташыган компаниялар менен да иштеп, алардын кызматкерлеринен тиешелүү санитардык көзөмөлдөн өтүүсүн, таза кийинип жүрүүсүн, тамакты талап кылынгандай термобаштыктарда гана ташуусун талап кылып жатабыз. Бул боюнча санитардык эскертүүлөр да берилди. Ишкерликти текшерүүгө мораторий болсо да биз мониторинг жүргүзүүнү улантып жатабыз".
Үмүт Сатыбалдиева ошондой эле жарандарды ачык жерде даярдалган балмуздак сатып алууда да этият болууга чакырды. Анын сөзүнө караганда балмуздак даярдаган аппарат жуулбайт, көбүнчө жол жээктеринде, парктарда сатылганы да талапка жооп бербейт.
Кыргызстанда тамак-ашка жапырт уулануу учурлары арбын катталат. Көбүнчө бат шам-шум этүүчү жайлардан, ашканалардан ууланган учурлар бар.(ZKo)