Пакистандын Ооганстандын чыгышына жасаган аба соккуларынан 13 жайкын тургун каза болгонун Бириккен Улуттар Уюмунун Ооганстандагы миссиясы (UNAMA) билдирди. Бул сан ооган бийлиги буга чейин жарыялаган маалымат менен дал келет.
Пакистан болсо Ооганстандын өкмөт өкүлү Забиулла Мужахиддин билдирүүсүн «пропаганда» деп атаган.
Ал 11-июнда Хост, Кунар жана Пактика провинцияларына абадан жасалган соккулардан 13 адам каза болгонун маалымдаган.
Бул чабуулдар эки өлкөнүн ортосундагы бир айлык тынчтык режимди үзгүлтүккө учуратты.
Буга чейин Исламабад коңшу өлкөлөрдүн ортосундагы жаңжалды «ачык согуш» деп мүнөздөгөн. Эл аралык коомчулуктун узак мөөнөттүү тынчтык орнотуу аракеттерине карабастан чыңалуу сакталууда.
Ооганстан менен Пакистандын ортосундагы кагылышуулардан февраль айынан бери жүздөгөн адамдар каза болду. Ошол кезде Ооганстан Пакистандын өз аймагындагы аба соккуларына жооп катары каршы чабуул жасаган. Эл аралык ортомчулар катышкан бир нече айлампа сүйлөшүүлөргө карабастан тараптар атышууну токтотуу боюнча туруктуу макулдашууга келе алышкан жок.
Пакистан Ооганстанды өз аймагында Пакистанга каршы кол салууларды уюштурган согушкерлерге башпаанек берип жатат деп айыптап келет. Исламабад өзгөчө «Техрик-и-Талибан Пакистан» (TTP) тобун белгилейт.
Бул уюм өз алдынча топ болгонуна карабастан 2021-жылы АКШ баштаган эл аралык күчтөр өлкөдөн чыгарылгандан кийин бийликке келген ооган талиптери менен союздаш деп эсептелет.
Кабул мындай айыптоолорду четке кагып келет.