Түндүк Ирландиянын борбору Белфастта башталган башаламандык экинчи түн катары менен уланды. Полиция тартип бузгандарды таратуу үчүн аларга суу чачты.
Расмий маалыматтарга караганда, нааразылык акциясынын катышуучулары полиция кызматкерлерине ар кандай буюмдарды, анын ичинде күйүүчү аралашмасы бар бөтөлкөлөрдү ыргытышкан. Акыркы эки күндө кеминде 12 полиция кызматкери жараат алып, 16 адам кармалды.
Социалдык тармактарда тараган видеолордо беткапчан жана кара кийимчен адамдар Белфасттын түндүк-батышындагы Сандиноуз районундагы жеке үйлөрдүн жанындагы таштарды талкалап, алардын сыныктарын полицияга ыргытып жатканы көрүнөт. Ошондой эле инфраструктура министрлигине таандык автоунаа жана бир нече таштанды челектери өрттөлгөнү кабарланды.
Тоз-тополоң дүйшөмбү күнү Белфастта теги судандык, кийин Улуу Британиядан башпаанек алган 27 жаштагы Хади Алодиддин бычак менен кол салуусунан кийин башталган. Кол салуудан бир адам бир көзүнөн ажырап, бетине жана жонуна залака келтирилген.
Шектүүнү окуя болгон жерде күбөлөр кармап беришкен. Сот ага киши өлтүрүүгө аракет кылган деген айып тагып, камакта калтырды. Иш боюнча кийинки сот отуруму 8-июлга белгиленди.
Түндүк Ирландиянын бийлиги башаламандык полицияга чоң күч келтирип жатканын билдирди. Аймакка жардам берүү үчүн Шотландиядан 90го жакын полиция кызматкери жөнөтүлөрү күтүлүүдө. Мындан тышкары, Улуу Британиянын башка аймактарынан дагы 200 кошумча полиция кызматкери тартылып, коомдук тартипти сактоо жана этникалык азчылыктарды коргоо иштерине жардам берет.
Шерине