"Эки тилке болот". "Манас" университети аркылуу жол ачуу иши башталды

"Манас" университетинин аймагын аралап өтүүчү Миңжылкыев жана Бакаев көчөлөрүнүн эскизи.

Бишкек мэриясы шаардын түштүк-батыш тарабында жайгашкан Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин аймагы аркылуу жол куруу ишин баштады. Окуу жайдын администрациясы ал жерде кампус курулуп жатканын айтып, жол салынышына каршылыгын билдирди.

Эки тилкелүү жол болот

Ошентип, Бишкектин Жал кичи районунун аймагындагы Кыргыз-Түрк “Манас” университети аркылуу жол ачуу иши башталды. 11-июнда окуу жайдын айланасындагы тосмолору алына баштап, курулуш иштерине эки ай убакыт кетери айтылды.

Шаар бийлиги билдиргендей, батыш тараптагы дарбазадан Миңжылкыев көчөсү Айтматов проспектине туташтырылып, Бакаев көчөсү Миңжылкыевге чейин узартылат.

Мэр Айбек Жунушалиев бул кадамды саясатташтырбоого чакырды. Ал эми университет жолдун салынуусуна каршы экенин билдирип, конструктивдүү баарлашууга ачык экенин маалымдады.

Университеттин аймагынан тартылган репортажды "Азаттыктын" төмөнкү жаңылыктар программасынын ичинен көрө аласыздар:

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

"75чилер каты": Сотту ачык өткөрүү өтүнүчү колдоо тапты

Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Абдыжапар Жанболотовдун айтымында, жолдун узундугу 1350 метрди түзөт. Анын эки жагын бойлой тротуар салынат:

Абдыжапар Жанболотов

“Ал эми туурасы сегиз метр болот. Эки тилкелүү жол болот, буюрса. Эң негизгиси, бул жакка тигилген бак-дарактарды албай, баарын сактап калганга аракет кылабыз. Мындан тышкары, ушул жактагы студенттердин коопсуздугу үчүн бул жерге эки жер асты өтмөктү пландап жатабыз. Жолдун эки жагына кармагыч тосмо коюуну сүйлөшүп жатабыз. Анткени ылдамдыгы катуу трасса болуп калат да. Машине токтобойт”.

11-июнда шаар башчысы Айбек Жунушалиев жол ачуу иши мыйзам чегинде болорун айтып, аны саясатташтырбоого чакырды:

“2026-жылы биз башкы планды бекиткенбиз. Башкы план иштелип чыгып жатканда университеттен бул жол боюнча эч кандай сунуш, сын-пикир берилген эмес. Учурда чечим бекитилген. Демек биз бул жол боюнча иштерди алып барышыбыз керек. Ошондуктан эч кандай саясат жок. Биз бир гана жол боюнча маселени көтөрүп, жолду курабыз деген аракетибизди ишке ашырып жатабыз”.

Бул арада аталган университеттин аймагына түшүп жаткан 1100 орундуу жатакананын курулушу мыйзамсыз деп эсептелип, иш токтотулганы маалым болду.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги төмөндөгүдөй маалымат таратты:

"11-июнда жүргүзүлгөн көзөмөлдөө иштеринин алкагында Бишкек шаарынын Жал кичи району №30 дарегинде жайгашкан объектинин мыйзамсыз курулуп башталганы аныкталды. Тактап айтканда, объектте тиешелүү уруксат берүүчү документтери жок, мамлекеттик курулуш реестрине катталбастан жер казуу иштери жүргүзүлүп жаткандыгы белгилүү болду. Текшерүүнүн жүрүшүндө аталган объект Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин 1100 орундуу жатаканасы экендиги аныкталды. Натыйжада, курулуш иштерин жүргүзүп жаткан “Битрейд Импекс” ЖЧКсына карата тиешелүү акт түзүлүп, 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Ошондой эле мыйзам бузуулар толук жоюлганга чейин курулуш-монтаждоо иштери токтотулду”.

Окуу жайдын маалымат борбору аларда жатакана куруу боюнча бардык тиешелүү уруксат документтери бар экенин билдирүүдө.

Окуу жай жол курууга каршы

Университеттин администрациясы Бишкек мэриясынын окуу жайдын кампус аймагынан жол өткөрүү аракетине каршы экенин билдирди. Университет ректоратынын ачык билдирүүсү 11-июнда жарыяланды.

Анда "Манас" университети Кыргызстандын жана Түркиянын орток демилгелери менен эл аралык келишимдин негизинде түзүлүп, кызматташтыкты чагылдырган эл аралык статуска ээ жогорку окуу жай экени белгиленди.

"Кампустук университет болуу — билим берүү, илимий изилдөө жана студенттик жашоону бирдиктүү алып жүргөн өзгөчө мейкиндик деген түшүнүктү туюндурат. Кампустун бүтүндүгүн сактоо студенттердин коопсуздугу, билим берүү ишмердүүлүгүнүн үзгүлтүксүз жана сапаттуу жүргүзүлүшү жана университеттин келечекке багытталган өнүгүү концепциясы үчүн олуттуу болуп саналат", - деп жазылган билдирүүдө.

Ректорат түрдүү өңүттө конструктивдүү баарлашууга ачык экенин белгилеп, учурдагы жараян эл аралык милдеттенмелер жана институционалдык укуктар алкагында ишке ашырылуусун күтөрүн билдирген.

Кыргыз-Түрк "Манас" университетин, билдирүүдө айтылгандай, 30 жылда 16 миңден ашуун улан-кыз бүтүрдү жана ал Борбор Азияда алгачкы ондукка кирген Кыргызстандагы жалгыз жогорку окуу жай.

Мэрия “Манас” университетинин аймагынан трасса алып өтүүнү көздөп жатканы быйыл апрель айында белгилүү болгон.

Окуу жайда билим алган жаштар жана айрым шаар тургундары жашыл аянт азайып, студенттердин коопсуздугу сакталбай калат деген негизде буга каршы болушкан.

Петицияга беш миңден ашык киши кол койгон. Маселе апрель айында парламентте да көтөрүлгөн.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Жумабеков "Манас" университетинин аймагы аркылуу өтүүчү жолду салуу алдында эки тараптуу келишимдерге көңүл буруп, кайрадан карап чыгууга чакырган:

Дастан Жумабеков

“Мен Бишкек мэриясына кайрылат элем. Көңүл буруп, ушуну карап коюңуздар. 18 пункттан турган келишим бар. Бул келишимде так жана даана жазылып турат. Эгерде “Манас” университетинин айланасында ар кандай келишпестик болсо, анда ал эки мамлекеттин ортосунда дипломатиялык жол менен каралат жана чечилет деп жазылган. Ошол жерде окуган студенттер шаарчанын ичинде окуш керек, ал жерге жакшы шарттар түзүлүш керек деп турат. Бул ишке ашып, иштеп турганда Бишкек шаарынын мэриясы барып, жол курабыз деп, ошол жерде окугандарга, коомчулукка, жашаган элге туура эмес маалымат берип, иш жасайбыз дегени менин оюмча, туура эмес”.

Кыргыз-Түрк «Манас» университети 1995-жылы Кыргызстандын жана Түркиянын өкмөттөрүнүн ортосундагы эки тараптуу келишимдин негизинде түзүлгөн. Окуу жайда студенттер акысыз билим алат. Жалдагы кампуста окуу корпустарынан сырткары студенттер үчүн жатаканалар, илимий изилдөө борборлору, спорттук жайлар курулган. Бул үчүн кыргыз өкмөтү 70 гектардан ашык жер тилкесин бөлүп берген, ал эми түрк тарап аны толугу менен каржылайт.

Жал кичи районунда 38 миңден ашык адам жашайт. Шаар бийлиги тургундардын саны жыл сайын көбөйүп жаткандыгын негиз кылып, жол салуу муктаждыгы жаралганын билдирип келет.