Адал индустриясынын талаптарын бузгандарга айып салынат

Иллюстрациялык сүрөт.

Экономика жана коммерция министрлиги адал индустриясынын талаптарын бузгандарга 15-июндан тартып айып пул салынарын эскертти. 1-июнда президент Садыр Жапаров Укук бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүү киргизүү тууралуу кол койгон мыйзам 15-июнда күчүнө кирет.

Ага ылайык, адал продукцияга коюлган талаптарды бузган жеке жактар 7 500 сом, юридикалык жактар 23 000 сом айыпка жыгылат. Адал продукция жана кызмат шайкештигин тастыктоо боюнча милдеттүү жол-жобону өткөрбөй туруп сертификат берген юридикалык жактарга 65 000 сом айып пул каралган.

Эми сертификат алган адал продукциялардын расмий тизмеси түзүлөт.

Соңку 15-20 жылдан бери Кыргызстандын коомчулугунда адал түшүнүгү кеңири жайылууда. Дүкөндөрдө, тамактануу жайларында “адал” деп аталган азыктарга суроо-талап көп.

Буга кошумча, “адал айыл чарба”, “адал туризм”, “адал медицина”, “адал дары”, “адал косметика”, “адал логистика” деген түшүнүктөр да пайда болгон.

2015-жылы “Кыргызстандагы адал индустрияны өнүктүрүү концепциясы” кабыл алынган. 2022-жылы дагы бир концепция жарыяланган. 2021-жылы маркалоо боюнча токтом чыккан. 2023-жылы ноябрь айында өкмөт “Адал туризмди өнүктүрүү концепциясын” кабыл алган. (BTo)

Дагы караңыз

Президенттин санкциялар боюнча өкүлү виртуалдык активдерге көзөмөл күчөтүлгөнүн билдирдиAI уюму израилдиктердин Батыш жээктеги саясатын айыптады"Манас" университети кампус аркылуу жол өткөрүүгө каршылыгын билдирдиYouTube "Алабуга Политехтин" 60тан ашуун жарнамасын өчүрдү УКМКнын мурдагы кызматкерлеринин бөгөт чарасы каралып жататПутин өлкөдөн чыгып кеткен орусиялыктардын мүлкүн камакка алууга уруксат берди"75чилердин каты" боюнча сот жараяны ачык уланат