Узакбаеванын жакындары сот чечимине нааразы болуп жатышат. Эжеси Элмира Бекмуратова "Азаттыкка" буларды айтып берди:
“Эмне үчүн абакта отурат деген суроого ушул убакка чейин жооп издеп таппадым. Мен ушуну менен үчүнчү жолу келдим. Акыйкатты кимден издейбиз? Азыр бир гана акыйкатты Кудайдан суранып жатабыз. Бул эмне деген шумдук? Жалгыз бой эне болсо, үч баласы бар. Эч нерсе түшүнүксүз болуп жатат. Садыр Жапаровдон суранам, ушуну бир караштырып, туура жол менен чечип берүүсүн”.
Мээрим Узакбаевага Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Коррупция” беренеси менен кылмыш ишин козгоп, 20-мартта кармаган. Ага Бишкектин Тоголок Молдо көчөсүндөгү беш кабаттуу имаратты, Сүйдүмалы Садыгалиев көчөсүндөгү “Кыргызайылкөмөк” акционердик ишканасынын имараттарын 9 гектар жери менен, ошондой эле Махатма Ганди көчөсүндөгү “Баят” базарын 9 гектар жери менен менчиктештирүү мыйзамсыз жүргүзүлгөнү тууралуу айып тагылган.
Бул тууралуу репортажды "Азаттыктын" 12-июндагы төмөндөгү жаңылыктар программасынын ичинен көрө аласыздар:
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Элдар Жакыпбеков баштаган алты мурдагы кызматкер абакта калды
Узакбаева айыптоолорду четке кагып, 11-июндан тартып ачкачылык жарыялаганы белгилүү болду. Ал сот залына кирген учурда журналисттин суроосуна учкай жооп берди:
"Ачкачылык кармоо менен мени эки айдан бери мыйзамсыз кармап жатканына протест билдирүүдөмүн. Эч кандай тергөө иштери жүргүзүлгөн жок".
Тагылган айып боюнча суроого жооп берип жатып ал мыйзамсыз менчиктештирүү деген окуялар жүрүп жаткан чакта 10 гана жаштагы кыз болгонун белгиледи:
"Тергөөчүлөр ачык эле айткан, атаңарга кысым жасайм деп".
ИИМ тергөөнүн жүрүшү жана жогоруда айтылган билдирүүлөргө байланыштуу азырынча маалымат же комментарий бере элек.
Мээрим Узакбаева мурдагы айыл чарба министри, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Эмилбек Узакбаевдин кызы.
Эмилбек Узакбаев “75чилердин катына" байланышкан иштин алкагында 11-февралда кармалган. Ага “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренесинин негизинде айып тагылган. Иш Биринчи май райондук сотунда каралууда.
Адвокат Акынбек Ногоев Мээрим Узакбаева боюнча иш саясий өңүттө козголгон деген пикирде.
Акынбек Ногоев
“Бул жерде коррупция беренеси тагылып жатат. Бул берене 1990-жылы Кылмыш-жаза кодексинде жок болчу. Мыйзамдын артка иштеши болбойт. Сот туура эмес чечим чыгарып койду деп эсептейм. Айла жок, эмне дейбиз эми. Мээрим Узакбаеванын иши "75тердин иши" менен байланышы бар. Анткени муну камап, атасын кандайдыр бир ишке мажбур кылгандай сезилип жатат. "75тердин" ичиндеги башка адамдарга каршы көрсөтмө берсин дегендей эле туюлуп жатат”.
Укук коргоочу Рита Карасартова Узакбаеванын иши мыйзам чегинде териштирилиши керек деп эсептейт:
Рита Карасартова
"Бардык иште мыйзамдуулук сакталганы жакшы. Мыйзам баарына бирдей тең иштеш керек. Эгер менчиктештирилген мамлекеттик мүлктү кайтаруу болсо, тандалма мамиле жасалбашы зарыл. Кылмыш - адамдын жасаган аракети. Менчиктештирүү учурунда анын кызы жаш болгонун уктум. Демек, бул иште аны кылмышка кошуп тартуу туура эмес. Андан көрө анын атасы учурда камакта жатат, ага карата козголгон кылмыш ишине дагы бир берене кошуп, ал киши өзү жооп берсе туура болмок".
Быйыл 9-февралда мурдагы премьер-министрлер, парламенттин экс-депутаттары, саясатчылар жана коомдук ишмерлер болуп 75 адамдан турган топ президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, жакынкы убакта президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырган. Алардын айрымдары кийин кайрылуунун мазмунун окубай туруп эле ага кошулууга макул болгонун айтып чыгышкан.
10-февралда Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Андан кийинки маектеринде Жогорку Кеңеште депутаттар “президент жана атайын кызматтын кишиси” болуп бөлүнүү башталганын, кийин андай аракет парламенттен сыртка чыгып кеткенин айтып, 75 адамдын кайрылуусун мисал кылган.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Жогорку Кеңеш: Талаштуу каттын таржымалын ким айтат?
Бул ишке байланыштуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге, Жогорку Кеңештин экс-спикери Нурланбек Тургунбек уулуна жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Курманкул Зулушевге Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен кине коюлган Мурдагы үч чиновник эч жакка чыкпоо тил каты менен эркиндикте.
Ал эми президенттик шайлоону быйыл өткөрүү боюнча катта аты аталган коомдук ишмер Бекболот Талгарбековго, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Эмилбек Узакбаевге, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Дыйканбаевге, мурдагы вице-премьер, экс-депутат Аалы Карашевге жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен айып тагылды. Алар камакта жатат.