Еврошаркет Украина жана Молдованы кабыл алуу сүйлөшүүлөрүн баштоодо

Урсула фон дер Ляйен, Антониу Кошта жана украин президенти Владимир Зеленский. Архив сүрөт.

Европа Биримдиги 15-июнда Украина жана Молдова менен алардын шаркетке мүчө болуп кошулуусу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштайт. Бул тууралуу Европа Комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен жана Европа Кеңешинин төрагасы Антониу Кошта 12-июнда билдиришти.

Бардык мүчө мамлекеттер Украина жана Молдова менен сүйлөшүүлөрдүн биринчи блогун ачууга макул болушканы, бул "эки өлкөнүн тең чоң кыйынчылыктарга карабастан реформаларды жүргүзүүдөгү чечкиндүүлүгүн, кайраттуулугун жана эмгекчилдигин таануу" экени белгиленди.

Сүйлөшүүнү баштоого даярдык процесси, ошентип, Венгриянын ветосу алынып салынгандан кийин аяктады.

Еврошаркет Кеңешинде ротациялык тартипте төрагалык кыла баштаган Кипр Венгриянын ветосу алынгандан кийин Европа Биримдигине мүчө өлкөлөр биринчи сүйлөшүү кластерине байланыштуу жалпы позицияны макулдашып, ошону менен зарыл болгон даярдык процессин аякташканын билдирди.

Сүйлөшүүлөрдүн биринчи темасы Европа Биримдигине кошулуу үчүн өлкөлөр карманышы зарыл болгон баалуулуктарга жана фундаменталдык принциптерге арналат. Жалпысынан сүйлөшүүлөр ондогон бөлүмдөрдөн турган алты кластерге пландаштырылган. Сүйлөшүүлөр аяктагандан кийин жаңы өлкөлөрдүн Европа Биримдигине кошулуусун бардык 27 мүчө мамлекет бекитип, ратификациялашы керек.

Расмий түрдө Украина менен Молдованын Европа Биримдигине кошулушу боюнча сүйлөшүүлөр 2024-жылдын июнь айында башталган. Венгриянын буга чейинки өкмөтүнүн ветосунан улам Киев менен расмий сүйлөшүүлөр жүргөн эмес, бирок расмий эмес сүйлөшүүлөр эксперттик деңгээлде жүргүзүлүп турган. Венгриянын жаңы премьер-министри Петер Мадьяр Украина менен бул өлкөдөгү венгр азчылыгынын укуктарын бекемдөө жана Европа Биримдиги менен сүйлөшүүлөргө ветону алып салуу тууралуу келишим түзгөнүн өткөн аптада жарыялаган.

Дагы караңыз

Ташиевдин соту ачык өтөт: “75чилердин катындагы” сыр ачылабы?Тажикстандан өткөн үйлөр чек ара жаңжалында үй-жайы күйгөндөргө берилет"Макулдашылган келишим даяр". АКШ менен Иран мунасага жакындадыКыргызстан Кытайдан соттолгон жарандарын кайтарууну тездетүүнү өтүндү