Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:24

"Макулдашылган келишим даяр". АКШ менен Иран мунасага жакындады

Согуш башталганы Ормуз кысыгында кыймыл дээрлик токтоп, мунай рыногундагы абал оорлогон.
Согуш башталганы Ормуз кысыгында кыймыл дээрлик токтоп, мунай рыногундагы абал оорлогон.

Жакынкы Чыгышта абалды курчуткан, энергетикалык рыноктун ишин үзгүлтүккө учураткан жана аймактык туруктуулукка байланыштуу кооптонууну күчөткөн үч айдан ашык убакыттан берки чыңалуудан кийин Кошмо Штаттар менен Иран тынчтык келишимине жакындап калгандай.

Пакистандын ортомчулугу менен жүргүзүлгөн тынымсыз дипломатиялык аракеттердин натыйжасында Вашингтондогу, Тегерандагы жана Исламабаддагы расмий өкүлдөр 12-июнда өз ара түшүнүшүү меморандуму боюнча сүйлөшүүлөрдө олуттуу ийгилик бар экенин билдиришти.

Сунушталган келишим деэскалация боюнча чукул чараларга багытталат, анын ичинде Ормуз кысыгынын ишин калыбына келтирүү, АКШнын Иран портторуна карата аскердик-деңиз блокадасын токтотуу жана Тегерандан өзөктүк куралды иштеп чыкпоо, сатып албоо милдеттенмесин алуу маселелери бар экени кабарланууда.

Өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлса ортодогу бир топ маселелерди чечүүгө багытталган 60 күндүк техникалык мүнөздөгү сүйлөшүүлөр этабы башталат.

Элдешүүгө этап-этабы менен жетишүү аракети

Талдоочулардын пикиринде, мындай жылыш Вашингтон өзүнүн сүйлөшүү стратегиясын өзгөрткөнүн көрсөтүүдө, анткени коопсуздук маселеси мурдатан берки талаш-тартыштардан тышкары көз карашта талкууланышы зарыл деген түшүнүү бар.

Вашингтондогу New Lines стратегия жана саясат институтунун атайын демилгелер боюнча директору Азим Ибрагим "Эркин Европа/Азаттык" радиостанциясына билдиргендей, окуялардын мындай ырааттуулугу жакынкы арада келишимге жетишүү ыктымалдыгын бекемдөөдө:

«Белгилей кетүүчү нерсе, Трамп администрациясы бардык маселелерди дароо чогуу чечүүгө эмес, сүйлөшүүлөрдү өзүнчө, башкарууга оңой болгон багыттарга бөлүп кароо менен жүргүзүүгө аракет кылууда. Биринчи кезектеги милдет, сыягы, Ормуз кысыгынын ишин кайра жандандырууну камсыз кылуу жана кеме кыймылынын эркиндигин калыбына келтирүү болуп саналат, бул дүйнөлүк энергетикалык рынокторго болгон басымды тез арада азайтып, экономикадагы нес абалды басаңдатат».

Ошол эле учурда Азим Ибрагим орчундуураак маселелер чечилбей калабы деп кооптонууда:

«Атап айтканда, Ирандын уран байытуу программасынын келечеги, аны көзөмөлдөө механизмдери жана узак мөөнөттүү өзөктүк чектөөлөр кийинки этапка калууда. Согуш аяктап жаткан болушу мүмкүн, бирок узак мөөнөттүү жөнгө салуу үчүн ишти комплекстүү негизде уюштуруу бир топ убакытты талап кылышы мүмкүн».

Европалык расмий өкүлдөр эки тарапты тең жетишилген ийгиликтерди бекемдөөгө чакырууда.

Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ноэль Барро 12-июнда Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи менен телефон аркылуу сүйлөшкөндөн кийин азыркы кырдаалды туруксуз деп атап, эки тарапты тең дипломатиялык диалогго чакырды.

Тактоону талап кылган жагдайлар

Иран маселесинде айрым прогресстин белгилери байкалганына карабастан олуттуу саясий жана техникалык тоскоолдуктар дале бар.

Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттары сунушталган келишимдин долбоорун жарыялагандан кийин суроо жараткан жагдай түзүлгөнүн байкоочулар белгилөөдө. Мисалы, текстте АКШ жана анын союздаштары Ирандагы калыбына келтирүү иштерине кеминде 300 миллиард доллар бөлүүнү караган планын бериши керектиги айтылат.

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп интернетте тараган мындай текстти четке кагып, анда жарыяланган шарттар «макулдашылган шарттарга ЭЧ КАНДАЙ тиешеси жок» деп соцтармак аркылуу билдирди.

Вашингтондогу мыйзам чыгаруучулар кандай гана келишим түзүлбөсүн, аны кылдат текшерүү талап кылынарын баса белгилешти.

Монтана штатынан республикачы конгрессмен Райан Зинке журналисттерге билдиргендей, администрация мурдагыдай эле үч артыкчылыкка басым жасоосу зарыл. Алар - Ирандын өзөктүк куралга ээ болушуна жол бербөө, өзөктүк материалдардын жеткиликтүүлүгүн чектөө жана Ормуз кысыгында кемелердин эркин жүрүүсүн камсыз кылуу.

Висконсиндик республикачы сенатор Рон Жонсон Иранга ишенич жок деген пикирин билдирип, өзөктүк куралга ээ Тегеранды олуттуу коркунуч деп атады.

Ал эми Трамптын администрациясындагы Улуттук коопсуздук кеңешинин мурдагы кызматкери Ричард Голдберг "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна 12-июнда курган маегинде Вашингтон алдыдагы 60 күндүк техникалык сүйлөшүүлөр маалында экономикалык өсүш темпин басаңдатпашы керектигин белгиледи:

«Бул жерде негизгиси – режим үчүн пайданы азайтуу, сүйлөшүүлөр учурунда басымды улантуунун жолдорун табуу жана элдин колдоосун болушунча жогорулатуу. Ошенткенде биз бардык максаттарыбызга жетебиз жана, акыры, дүйнөгө коркунуч туудурган бул жаман режимсиз жакшы келечекти курабыз».

Келишим кандай болуп түзүлөт?

Келишимдин жол-жобосу кандай болору тууралуу суроолор дале бар.

Ак үйдүн жогорку кызматтагы өкүлү ортомчулар жакынкы күндөрү Европада келишимге кол коюу иш-чарасына АКШнын да, Ирандын да өкүлдөрүн бетме-бет катыштыруу мүмкүнчүлүгүн карап жатышканын билдирди.

Трамп ага вице-президент Жей Ди Вэнс барып катышарын бир күн мурда айткан. Азырынча Вэнстин кеңсеси расмий маалымат бере элек.

Ал тапта ирандык расмий өкүлдөр башка версияны айтууда. Өлкөнүн тышкы иштер министри Аббас Аракчи мамлекеттик телеканалдан сүйлөп жатып баштапкы өз ара түшүнүшүү меморандумуна "санариптик кол тамга колдонуу менен" аралыктан кол коюларын билдирди.

«Сүйлөшүүлөрүбүздүн акыркы этаптары аяктары менен бул келишимге кол коюлуп, жарыяланат. Башында кол коюу санарип форматта өтөт. Ар бир тарап келишимге аралыктан кол коёт», — деди Ирандын башкы дипломаты.

Аймактагы маселелер боюнча талдоочулар, ал тапта, келишим кабыл алынган күндө деле анын бекемдиги суроо жаратарын айтып жатышат.

Деңиз коопсуздугун камсыздоо менен алектенген Auxilium Worldwide компаниясынын башчысы Иэн Ралби кандай гана элдешүү болбосун, анын "морттугу" канчалык экенин соңку айлардагы согуштук аракеттердин масштабы көрсөткөнүн айтууда.

«Түзүлгөн кырдаал чын эле аяктап баратканына ишенүү өтө кыйын, айрыкча ушул аптада тараптардын ортосундагы тирештин деңгээлин эске алганда», — деди Ралби "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна Ирандын ичиндеги жана Кувейт, Ирак, Бахрейн жана Иорданияны камтыган Перс булуңундагы өлкөлөрдөгү соңку соккуларды мисал келтирип.

Бирок АКШ менен Ирандын ортосунда ортомчулук кызматын көрсөтүп келаткан Пакистандын премьер-министри Шехбаз Шариф макулдашылган текст тууралуу ар кандай маалымат таркап жатканын «бут тосуу аракети, токтобой жаткан дезинформация өнөктүгү» деп атап, мындай аракеттерди кескин айыптай турганын билдирди.

Шариф АКШ менен Иран тынчтык келишиминин акыркы тексти боюнча макулдашканын 12-июнда Х соцтармагындагы баракчасына жазды:

«Биз акыркы, макулдашылган тынчтык келишими түзүлгөнүн тастыктай алабыз. Пакистан учурда кийинки кадамдарды аныктоо үчүн эки тарап менен тең тыгыз кызматташып жатат. Тынчтык эч качан азыркыдай жакын болгон эмес».

Иэн Ралби, өз кезегинде, «Үмүтүбүздү үзбөйлү. Анткени азыр баары бул өтө кайгылуу, өтө татаал жана өтө кымбатка турган кырдаалда кандайдыр бир үмүт шооласын издеп жатышкандай», — деп кошумчалады.

Макаланын англис тилиндеги түп нускасы бул жерде

Автору Alex Raufoglu

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG