Бирок тараптар келишимдин расмий версиясын ачыкка чыгара элек.
Ирандын жарым-жартылай Mehr кабар агенттиги жума күнү аты аталбаган расмий адамга шилтеме берип тараптар ортосундагы меморандумдун долбооруна Ислам жумуриятынын өзөктүк курал чыгарбоо милдеттенмеси камтылганын жазды.
Андан тышкары согушту бардык фронтто, анын ичинде Ливанда токтотуу, 30 күн ичинде Ормуз кысыгынын ишин калыбына келтирүү, 60 күн ичинде Ирандын өзөктүк программасы боюнча мунасага келүү үчүн сүйлөшүү жүргүзүү каралган.
Бейшембиде АКШ президенти Дональд Трамп Жакынкы Чыгыштагы согушту токтотуу тууралуу Иран менен "мыкты келишим" жетишилгенин, ага дем алыш күндөрдө Европада кол коюлушу ыктымалдыгын билдирген. Президент документти "абдан күчтүү өз ара түшүнүү меморандуму" деп атаган.
“Иран эч качан өзөктүк куралга ээ болбойт деген макулдашуубуз бар. Бул максатка жетүү үчүн биз көп нерсени башыбыздан кечирдик”, - деп айткан америкалык лидер Ак үйдө чогулган журналисттерге.
Вашингтон администрациясы ыктымал келишимдин чоо-жайын шардана кылган жок. Бирок Axios басылмасынын жазганына караганда, өз ара түшүнүү меморандумунун алкагында “Ирандын атомдук программасына тиешелүү бир катар шарттарды, биринчи кезекте андай куралга ээ болбоо жана байытылган урандын айланасындагы тирешти жөнгө салуу милдеттенмесин өзүнө алышы ыктымал”.
Басылма ошондой эле “арачы өлкөлөрдүн биринин дипломаты жана америкалык аткаминерге шилтеме берип” меморандумда атышпоону 60 күнгө узартуу каралганын, документ “Ормуз кысыгын кемелер акысыз өтүшү үчүн дароо ачууга, 30 күн ичинде кемелердин согушка чейинки кыймылын калыбына келтирүүгө үндөгөнүн” жазды.
Mehr агенттиги андан ары уланткандай, келишимде Ирандын деңиз блокадасын алуу, америкалык аскерлерди Ирандын айланасындагы райондордон чыгаруу, Тегеранга каршы санкцияларды убактылуу токтотуу жана Иранга таандык 24 млрд долларды камактан чыгаруу каралган.
Агенттик Ислам жумуриятынын Тышкы иштер министрлигинин өкүлүнө шилтеме менен бул текстти эми бийлик жактырууга тийиш деп кошумчалады.
Ирандык мамлекеттик маалымат каражаттары сүйлөшүүлөр маалында көп учурда кайсы бир позицияны же идеяларды сүрөөнгө алуу үчүн колдонулуп келген жана алар тараткан кабарлар так же толук эмес болуп чыккан.
Исламабадда Dawn басылмасында иштеген пакистандык журналист Бакыр Сажжад Иран менен АКШ ортосундагы макулдашуунун долбоорун Х социалдык тармагына чыгарды.
Кабарчынын жазганы боюнча, пакистандык дипломат 14 пункттан турган келишимдин негизги талаптары менен бөлүштү.
Документте "токтоосуз деэскалация, бардык фронттордо, анын ичинде Ливанда согуштук аракеттерди токтотуу зарылдыгы, АКШнын кийлигишпөө милдеттенмеси, деңиз блокадасынын баскыч-баскыч менен алынышы, мунай жана мунай-химиялык өнүмгө салынган санкцияларды жумшартуу, Ирандын камакка алынган каражаттарын колдонууга шарт түзүү каралган".
Bloomberg агенттиги жана Axios булактарга таянып, Иран тараптан келишим жогорку деңгээлде жактырылганын, бирок ал жогорку лидер аятолла Можтаба Хаменеиден башка адам болушу керек деп жазышты.
Акыркы эки айдан бери тараптар келишимге жакындашканы бир нече жолу кабарланганы менен мунаса табыла элек.
Бул ирет Axios басылмасы кабарлагандай, алдын ала макулдашууга шаршембинин кечинде катардык ортомчу Али ал-Тавади менен Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчинин бир нече саатка созулган сүйлөшүүлөрүнөн кийин жетишилген.
Булактар ал-Тавади бир нече жолу Трамптын атайын өкүлү Стив Уиткофф жана америкалык президенттин күйөө баласы Жаред Кушнер менен телефондон байланышканын айтып берген.
Макалада ошондой эле Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху үчүн тараптардын келишимге жакындашканы күтүлбөгөн окуя болгону айтылат. Axios меморандумга 14-июнда Женевада кол коюлушу ыктымал деп жазды.
Маалыматка караганда, Женева Франциянын Эвиан-ле-Бен шаарына жакын. Бул калаада 15-17-июнда "Чоң Жетинин" саммити өтмөкчү.
Баса, Трамп өзү кол коюуга катыша албасын, вице-президент Жей Ди Вэнс барышы ыктымалдыгын билдирген.
Шерине