Электр менен жылытууга жаңы объекттерди кошууга салынган тыюу мөөнөтү узарды

Иллюстрация сүрөт.

Кыргыз өкмөтү Токтогул суу сактагычындагы суу жетиштүү топтолгонго чейин электр менен жылытууга жаңы объекттерди кошууга тыюу мөөнөтүн узартты. Бул тууралуу 2026-27-жылдагы кышкы сезонго даярдануу боюнча өкмөттүн токтомунда айтылат.

Анда калкты электр энергиясы, газ, көмүр менен камсыз кылуу үчүн даярдык чаралары камтылган.

Токтогул суу сактагычында суунун аз топтолушуна байланыштуу электр энергиясын көп талап кылган өндүрүш жана үч фазалуу жылытуу системасына үйлөрдү кошууга тыюу күчүндө кала берери айтылды.

Өкмөт чөлкөмдөгү жалпы климаттык кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын дарыяларынын агымы аз болуп жатканын билдирүүдө. Былтыр Токтогул суу сактагычында суу аз топтолгонуна байланыштуу айрым чектөөлөр киргизилген эле.

Токтогул ГЭСине кирип-чыккан агым тууралуу маалымат былтыртан тарта ачык жарыяланбай калган. Ага чейин күн сайын маалымат берип келген “Электр станциялары” ишканасы мындан ары Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) өңдүү мамлекеттик органдарга расмий кайрылып гана алса болорун билдирген.

Дагы караңыз

Еврошаркет Украина жана Молдованы кабыл алуу сүйлөшүүлөрүн баштоодоТашиевдин соту ачык өтөт: “75чилердин катындагы” сыр ачылабы?Тажикстандан өткөн үйлөр чек ара жаңжалында үй-жайы күйгөндөргө берилет"Макулдашылган келишим даяр". АКШ менен Иран мунасага жакындады