Орусиянын Екатеринбург шаарында төрт адам каза тапкан жол кырсыгы боюнча 49 жаштагы кыргызстандык жаран кармалды. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кабарлады.
Маалыматка караганда, эл ташыган автобус катышкан жол кырсыгы 11-июнда болгон. Кармалган кыргыз жараны кырсыкка кабылган автобустун айдоочусу.
ТИМ бул окуя боюнча Кыргызстандын Екатеринбургдагы консулдугу иштеп жатканын жана кармалган жарандын жакындары менен байланышта экенин кошумчалады.