Бишкек мэриясы Айтматов проспекти менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилишиндеги жол өтмөктү оңдоого байланыштуу түшүндүрмө берди. Мэриянын билдирүүсүндө жол өтмөктү реконструкциялоодо колдонулуп жаткан курулуш материалдары тууралуу чындыкка дал келбеген маалымат таратылып жатканы айтылды.
Шаар бийлиги өтмөктө алюкобонд эмес, HPL панелдер орнотулганын жана ал дагы жакшыртыларын билдирди.
“Учурда аткарылып жаткан иштер долбоордун акыркы жыйынтыгы болуп саналбайт. Долбоордун алкагында дагы бир катар курулуш-монтаж иштери жүргүзүлүп, айрым дизайнердик чечимдер толукталып иштелип чыгат”, - деп айтылды мэриянын маалыматында.
Шаар бийлиги өтмөктөгү мурунку гранит таштар авариялык абалда болуп, жарым-жартылай урап түшө баштаганын кошумчалады.
Буга чейин соцтармактарда Бишкектеги негизги проспектилердин бириндеги өтмөктү оңдоого байланыштуу нааразы пикирлер айтылган эле.