"Манас" университети Курулуш министрлигинин жатакана боюнча маалыматын төгүндөдү

"Манас" университетин аралап өтүүчү Миңжылкыев жана Бакаев көчөлөрүнүн эскизи. "Азаттыктын" тасмасынан скриншот.

Кыргыз-Түрк “Манас” университети Жалдагы кампусундагы жатакананын курулушу уруксатсыз башталганы тууралуу Курулуш министрлигинин маалыматын төгүнгө чыгарды. Бул тууралуу университет 13-июнда тараткан билдирүүдө айтылды.

Анда университет бул долбоорду жүзөгө ашыруу үчүн Бишкек шаар куруу жана архитектура башкармалыгы, Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги, “Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы, “Кыргызстан улуттук электр тармагы”, «Газпром Кыргызстан», ишканасы, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен тиешелүү уруксат алынганын билдирди.

Окуу жай уруксат алынган соң ачык тендер аркылуу курулуш компаниясы тандалганын жана 1100 орундуу студенттик жатакананын курулушу башталганын кошумчалады:

“Бул курулуш, коомчулукка тараган айрым билдирүүлөрдө айтылгандай, уруксатсыз же мыйзамсыз эмес экендигин өзгөчө баса белгилейбиз. Курулуш тиешелүү мамлекеттик органдардын кароосунан өткөн жана макулдашуулардын негизинде мыйзамдарга ылайык жүргүзүлгөн инвестиция катары башталган. Бирок Бишкек шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жетекчилиги 2026-жылдын 11-июнунда жөнөткөн катта кампуста курула турган студенттик жатакана боюнча буга чейин курулуш жана шаардын планына туура келет деп берилген корутунду жокко чыгарылганы билдирилген”.

Буга чейин Курулуш министрлиги “Манас” университетинин Жалдагы кампусунун аймагында студенттик жатакананын курулушу уруксатсыз башталганын жана аны ишке ашырып жаткан компанияга айыппул салынганын билдирген.

Окуу жайдын бүгүнкү маалыматы боюнча министрлик азырынча комментарий бере элек.

11-июнда “Манас” университетинин кампусун аралап өтчү жолдун курулушу башталып, окуу жайдын айланасындагы тосмолор алына баштады. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жолду ачуу ишин саясатташтырбоо керектигин айткан. Университет жол курууга каршылыгын билдирип, бул Кыргызстан менен Түркия өкмөттөрүнүн ортосундагы келишимге каршы келерин эскерткен.

Дагы караңыз

"Атаңа кысым деп айтышты". Узакбаевдин кызынын камак мөөнөтү узартылды Активист Мавлян Аскарбеков "кастыкты козутууга" шектелип кармалдыБишкек мэриясы Айтматов көчөсүндөгү өтмөккө алюкобонд капталбай турганын билдирдиМавлян Аскарбеков эки айга камакка алынды