Израилдин аба күчтөрү 14-июнда Бейруттун түштүк тарабындагы Дахия районунда "Хезболланын" штаб-үйүнө сокку урду.
ЦАХАЛ тараткан маалыматта объект Израилге каршы соккуларды пландоо үчүн колдонулганы айтылат.
"Хезболла" тобу АКШ менен Израилде террордук деп табылган. Еврошаркет аталган топтун саясий партиясын эмес, аскердик канатын террордук деп санайт.
Израилдин армиясы сокку "Хезболла" учкучсуз учактарды учургандан кийин урулганын, дрондордун бири чектеш аймактагы Шломи шаарындагы турак жайдын жанына кулаганын жарыялады. Ливандын түштүгүндөгү бир катар калктуу пункттардын жашоочуларын эвакуация болууга чакырды. ЦАХАЛдын өкүлү Авихай Адраи "Хезболла" ок атышууларды токтотуу шартын бузуп жатканын, армия буга байланыштуу жаңы чабуулдарга камданып атканын билдирди.
АКШнын президенти Дональд Трамп Израилдин Бейрутка соккусун айыптады. Кошмо Штаттар менен Ирандын ортосундагы тынчтык жараянын бузбоо үчүн Ливанга соккуларды токтотууга чакырды.