Бул кызматташтык аскер кадрларын даярдоону, курал-жарак сатып алууну жана аскердик тажрыйба алмашууну камтыйт. Түркиялык маалымат каражаттарынын билдирүүсүнө караганда, бул жерде Азербайжандын армиясын модернизациялоодо мурда колдонулган ыкмалар да эске алынган.
Өзбекстандагы аскердик кеңешчилер
2026-жылдын 20-апрелинен 21-майына чейин Измир провинциясынын Сеферихисар районундагы Доганбей полигонунда өткөрүлгөн EFES-2026 эл аралык аскердик машыгууларына 10 миңден ашуун аскер катышты. Алардын ичинде 50 мамлекеттен барган 1305 катышуучу жана байкоочу бар.
Өзбекстандын аскердик контингентинин саны тууралуу расмий маалымат жарыяланган жок. Бирок машыгуулар аяктагандан кийин Түркиянын улуттук коргонуу министри Яшар Гүлер Өзбекстанга атайын аскердик кеңешчилер тобу жөнөтүлгөнүн кабарлады.
Гүлер Өзбекстанды дос жана боордош өлкө деп атап, Ташкент түрк куралдуу күчтөрүнүн тажрыйбасына кызыгып жатканын айткан.
Түркиялык маалымат каражаттары жазгандай, Өзбекстанда Түркиянын генерал-майору жетектеген кеңеш берүүчү топ ишин баштады.
Yenigun гезитинде жарыяланган макалада бул кеңешчи топтун иши мурда Азербайжандын армиясын модернизациялоодо колдонулган реформалардын тажрыйбасына негизделери айтылат.
"Алардын негизги максаты — Өзбекстандын Куралдуу күчтөрүн модернизациялоо жана түрк армиясынын тажрыйбасын киргизүү", — деп жазылган макалада.
Ушул жылдын апрелиндн Ташкентте Өзбекстан менен Түркиянын аскер тармагынын жетекчилеринин жолугушуусу өтүп, анда коргонуу тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү, стратегиялык өнөктөштүк жана аймактык коопсуздук маселелери талкууланган.
Мирзиёев Анкара менен аскердик кызматташууну бекемдөөдө
Түркия түрк тилдүү мамлекеттердин ичинен НАТОго мүчө болгон жалгыз өлкө жана Өзбекстандын коргонуу тармагындагы негизги өнөктөштөрүнүн бири. Анын коргонуудагы өнөр жайы аймактагы эң тез өнүгүп жаткан тармактардын бири болуп саналат.
Өзбекстандык саясат таануучу Фарход Толиповдун баамында, Борбор Азия менен Түркиянын коопсуздук жана коргонуу тармагындагы кызматташтыгы жаңы көрүнүш эмес.
"Ал көз карандысыздык алган жылдарда эле өнүгө баштаган. Ал тургай “түрк жолу менен кетебиз” деген ураан да болгон. Биринчи бийлик мезгилинде Түркия менен стратегиялык өнөктөштүк тууралуу көз караш бар эле. Ошондой эле аскердик кызматташтыкка багытталган жылыш байкалган. Экинчи администрация учурунда бул кызматташтык дагы күчөдү".
Президент Шавкат Мирзиёев бийликке келгенден кийин Ташкент менен Анкаранын ортосундагы аскердик байланыштар кыйла бекемделди.
2017-жылы эки өлкөнүн коргонуу мекемелери аскердик билим берүү тармагында кызматташуу боюнча макулдашууга кол коюшкан. Ошондон бери кызматташтык бара-бара кеңейип, кадрларды даярдоону, биргелешкен машыгууларды жана аскердик-техникалык кызматташууну камтый баштаган.
Адистердин айтымында, коргонуу тармагындагы кызматташтыктын өнүгүшүндө Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) ролу барган сайын өсүүдө.
"Акыркы жылдары ТМУ алкагында катуу өзгөрүүлөр болуп жатат. Буга чейин көбүнчө маданият, билим берүү же экономика маселелерине көңүл бурулчу. Акыркы жылдары коопсуздук тармагына басым жасала баштады. Бул жөн гана куру кыялдар эмес. Жакында биз реалдуу натыйжаларды көрдүк. Азербайжан менен Түркиянын аскердик жана коргонуу тармагындагы биримдигине күбө болдук. Карабах согушунда Азербайжан Түркиядан болуп көрбөгөндөй колдоо алганын да көрдүк", - дейт Фарход Толипов.
Советтик мурастан заманбап аскердик техникага
Өзбекстандын армиясындагы курал-жарактын кыйла бөлүгү советтик доордон калган. Танктардын негизги бөлүгүн ар түрдүү үлгүдөгү Т-72 түзөт. Аскердик-аба күчтөрү совет мезгилиндеги МиГ-29, Су-27 учактарын жана тик учактарды колдонуп келет, алардын бир бөлүгү гана модернизацияланган.
Эксперттердин айтымында, акыркы жылдарда Өзбекстан куралдуу күчтөрүнүн түзүмүн акырындык менен реформалап, бөлүктөрдүн мобилдүүлүгүнө, тез реакция кылуучу күчтөргө жана заманбап чалгындоо каражаттарына көбүрөөк көңүл бура баштады.
Oxus Society уюмунун Борбор Азия боюнча коргонуу жана коопсуздук маселелери боюнча талдоо бөлүмүнүн директору Майкл Хиллиард мындай байкоосун айтты:
"Өзбекстанда акырындык менен ылдыйкы чиндеги командирлер менен сержанттарга көбүрөөк ыйгарым укук берүү жүрүп жатат. Бул катуу советтик, артиллерияга негизделген моделден баш тартып, кыйла ийкемдүү бригадалык түзүмгө жана тез аракеттенүүчү күчтөргө өтүүнү билдирет".
Эгерде түрк кеңешчилеринин сунуштары ишке ашырылса, өзгөрүүлөр офицерлерди даярдоо системасын, башкаруу түзүмүн, учкучсуз аппараттарды колдонуу ыкмаларын, санариптик байланыш жана чалгындоо системаларын, ошондой эле тез жооп берүүчү бөлүктөрдүн уюштурулушун камтышы мүмкүн.
Айрыкча учкучсуз авиациянын өнүгүүсү чоң кызыгуу жаратат. Азыркы жаңжалдар, анын ичинде Тоолуу Карабахтагы жана Украинадагы согуштар бул системалардын согуш талаасында жогорку натыйжалуулугун көрсөттү.
2023-жылы Өзбекстан Түркиянын Baykar компаниясы чыгарган Bayraktar TB2 учкучсуз учактарын сатып алганы тууралуу алгачкы маалыматтар тараган. Так саны ачык айтылбаса да, ачык булактардан улам Өзбекстанда кеминде төрт аппарат бар экенин баамдоого болот.
Учкучсуз аппараттардан тышкары, Өзбекстан Түркиядан Ejder Yalçın (Эждер Ялчын) чопкутталган машиналарды да сатып алган. Маалыматтарга ылайык, учурда өзбек армиясында мындай машинадан 24 даана бар.
Буга чейин бул техниканы Өзбекстандын аймагында чыгаруу пландары да айтылган. Мындай машиналар чек араларды коргоо, атайын операциялар жана жоокерлерди мина коркунучтарынан коргоо үчүн колдонулушу мүмкүн.
2025-жылы Түркиянын TUSAŞ компаниясы Өзбекстанга ANKA учкучсуз учактарын сатканы тууралуу маалыматтар да чыккан.
Түркиядан алынган аскердик техника менен курал-жарактардын көлөмү жана келишимдердин наркы, адатта, ачык айтылбайт.
"Түркиянын кеңири стратегиясы"
Ошол эле учурда Өзбекстан коопсуздук тармагында көп тармактуу саясатты карманат. Ташкент Орусия, Кытай, Түштүк Корея, Пакистан жана башка Батыш өлкөлөрү менен да аскердик байланыштарды өнүктүрүүнү улантууда.
Талдоочулардын пикиринде, Өзбекстан менен кызматташуунун күчөтүү Түркиянын Борбор Азиядагы кеңири стратегиясынын бир бөлүгү болуп саналат.
Карабах жаңжалында Азербайжандын ийгиликтеринен кийин жана түрк коргонуу өнөр жайына болгон эл аралык кызыгуу артып, Анкаранын аймактагы позициясы кыйла бекемделди.
Коомдук дипломатия фондунун талдоочусу Александр Гнидюк: "Түркия Тоолуу Карабахтагы операция маалында Азербайжанга күчтүү аскердик жардам көрсөткөн. Бул Орусиянын Түштүк Кавказдагы, ошондой эле Борбор Азиядагы таасирин жарым-жартылай азайткан", - деген пикири менен бөлүштү.
Анын айтымында, буга кошумча Түркиянын куралдуу күчтөрү жана коргонуу өнөр жайы Сирияда, Ливияда жана башка кагылышууларда жетишкен ийгиликтер да таасир эткен.
Гнидюктун белгилөөсүндө, Түркия менен аскердик кызматташуунун күчөшү Өзбекстандын жана аймактагы башка өлкөлөрдүн улуттук кызыкчылыктарына туура келет.
"Түркия түрк тилдүү өлкөлөр үчүн абдан олуттуу жана ишенимдүү өнөктөш болуп саналат. Айрыкча акыркы жылдары Түрк мамлекеттер уюмунун алкагында кызматташтык абдан жигердүү өнүгүп жатат. Бул көрүнүш өзгөчө 2021-жылы Орусия менен Украинанын ортосунда толук масштабдуу согуш баштала электе эле айкын байкалган. Советтер Союзу ыдырагандан кийинки алгачкы жылдарда Борбор Азия коопсуздук маселесинде Орусияга өтө көз каранды болгон. Алардын кызыкчылыктарынан алып караганда тобокелдиктерди диверсификациялоо, бул өлкөлөр үчүн коопсуздук маселесинде да шарттуу, олуттуу таасир Орусияда гана эмес, Түркия менен Кытайда да бар. Бул кандайдыр бир чыңалуу ыктымалдыгын азайтат", — деди Гнидюк.