Орусия Украинага сокку урууда. Киевдеги байыркы чиркөө өрттөнүп жатат

Киев-Печерск лаврасынын көрүнүшү

Орусия Украинанын борбору Киев баштаган бир нече шаарына абадан сокку урууда.

Киевге урулган ракета жана дрондон соккусунан Киев-Печерск лаврасы аталган байыркы чиркөөнүн имараты өрттөнүп жатат. Бул чиркөө украиндердин маданий жана руханий тарыхынын символу саналат. Киевге чабуулдан ондогон адам жараат алганын жергиликтүү бийлик кабарлады.

Өткөн түнү Орусиянын чабуулдарынан түндүк-батыштагы Харьков шаарында кеминде беш куткаруучу набыт болуп, бир нечеси жараат алды. Бул тууралуу Украинанын ички иштер министри Игорь Клименко кабарлады. Куткаруучулар чабуулга кабылган имараттагы өрттү өчүрүү маалында Орусиянын экинчи соккусуна туш болгон.

Дагы караңыз

Израил Бейрутта "Хезболла" тобуна сокку урду. Трамп аны айыптады Президент Жапаров Кыргызстанда чет элдик жумушчулар көбөйдү деген сындарга комментарий берди Балыкчы–Тамчы–Чолпон-Ата темир жолунун курулушу башталды