Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-июнда, Балыкчы шаарында Балыкчы – Тамчы – Чолпон-Ата темир жолунун курулушуна мезгил кутусун салды.
Анын алдында сүйлөп жатып, Жапаров акыркы жылдары Кыргызстандын темир жол тармагы ырааттуу өнүгүп, сапаттык жактан жаңы деңгээлге көтөрүлүп жатканын айтты. Өлкөнүн транспорттук көз карандысыздыгын чыңдоого, транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, заманбап логистикалык системаны түзүүгө жана өндүрүштүк кубаттуулукту арттырууга багытталган ири инфратүзүмдүк долбоорлор ишке ашырылып атканын белгиледи.
"Алардын бири катары мынакей бүгүн биз стратегиялык маанидеги Балыкчы – Тамчы – Чолпон-Ата темир жолунун курулушуна старт берип, өлкөбүздүн келечегине болгон ишенимибиздин белгиси катары мезгил кутусун салганы турабыз. Бул окуя бир эле Ысык-Көл облусу үчүн эмес, бүтүндөй Кыргызстан үчүн чоң мааниге ээ. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча темир жол аркылуу жүк ташуулардын көлөмү 10,5 миллион тоннага жетип, 2021-жылдагы 7,7 миллион тоннага салыштырмалуу 36,4% өстү. Бул – ата мекендик темир жол тармагынын тарыхындагы эң жакшы көрсөткүчтөрдүн бири.Ошол эле мезгилде темир жол транспортун колдонгон жүргүнчүлөрдүн саны 2021-жылы 255 миң адам болсо, 2025-жылы 432 миң адамга чыкты. Бул көрсөткүч 70 пайыздык өсүштү түзөт", - деди Жапаров.
Ал узундугу 304 чакырымды түзгөн стратегиялык маанидеги Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу жигердүү жүрүп жатканына токтолуп, долбоордун Кыргызстан үчүн тарыхый мааниси чоң экенин кошумчалады.
"Ал Чыгыш менен Батышты байланыштырган жаңы эл аралык транспорттук коридорду түзүүгө, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө, транзиттик жүк ташуулардын көлөмүн көбөйтүүгө жана Кыргызстандын Борбор Азиядагы маанилүү транспорттук түйүн катары позициясын бекемдөөгө шарт түзөт. Бул долбоордун маанилүү бөлүгү – Макмал жүк которуу станциясы. Кудай буюрса, ал ар түрдүү темир жол колеяларынын туташуусун камсыздап, өлкөнүн негизги логистикалык борборлорунун бирине айланат.
Муну менен катар өлкөнүн ички темир жол тармагын өнүктүрүү жана Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүнүн транспорттук байланышын чыңдоо үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече – Макмал темир жол долбоору боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Аталган долбоордун биринчи этабы катары узундугу 63 чакырым болгон Балыкчы – Кочкор темир жол линиясы каралууда. Быйыл бул жолду пайдаланууга берсек, анда ал Кыргызстандын бирдиктүү темир жол системасын өнүктүрүү стратегиясын этап-этабы менен ишке ашырууда маанилүү тажрыйбалык кадам болуп калат", - деген Жапаров бул долбоор чийки заттарды жана өнөр жай жүктөрүн ташууну арттырууга, аймактардын транспорттук жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга, логистикалык чыгымдарды азайтууга жана улуттук темир жол системасынын интеграциясын кыйла күчөтүүгө мүмкүндүк бере турганын кошумчалады.
Кыргызстандын темир жол тармагы эки негизги бөлүктөн турат:
Бири Казакстандан кирип, Бишкек аркылуу Ысык-Көлдүн жээгиндеги Балыкчы шаарына чейин гана барат. Жайкы туристтик сезондо (июнь айынан тартып сентябрдын ортосуна чейин) Бишкек-2 бекетинен "Балыкчы пляж" бекетине чейин гана каттайт.
Ал эми Бишкектен Кара-Балта жана Токмок шаарларына чейин каттамдар жыл бою иштейт. Экинчиси Өзбекстандын чек арасынан Ош жана Жалал-Абад аймактарына чейинки кыска тилкелерди камтыйт. Бул аймакта жүргүнчү ташуу дээрлик жок, негизинен жүк ташуу (күйүүчү май, курулуш материалдары) үчүн колдонулат.
Шерине