Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:12

Британия Ла-Маншта Орусиянын "көмүскө флотунун" танкерин кармады

Smyrtos  танкери. Иллюстрациялык сүрөт.
Smyrtos танкери. Иллюстрациялык сүрөт.

Британиялык аскерлер жана укук коргоо кызматкерлери жекшембиге караган түндө Ла-Маншта Орусия "көмүскө флотунун" танкерин кармашты.

Бул тууралуу Улуу Британиянын Коргоо министрлиги жана өлкөнүн премьер-министри Кир Стармер маалымдашты.

Алты саатка созулган операциянын максаты Камерундун желеги менен жүргөн Smyrtos танкери болчу.

Британиянын Коргоо министрлиги тараткан билдирүүдө кеме кармалганы жана иликтөө жүрүп жаткан мезгилде түштүк жээкте көзөмөл алдында болору айтылган.

The Insider басылмасы Starboard Maritime Intelligence сервисине таянып жазгандай, танкер Фин булуңунда кеминде 5-июндан бери автоматтык идентификация системасы өчүрүлгөн бойдон турган, ал көздөгөн багытына - Усть-Луга портуна кирген болушу ыктымал.

Токтоп турган учурда танкердин жеңилдегени - андагы жүк түшүрүлүп алынганы байкалган. 7-июнда Smyrtos токтоочу аймактан кетип, батыш тарапты - Египеттеги Порт-Саидге багыт алган. 11-июнда кеме Балтика деңизине чыгып, эки күндөн кийин Ла-Маншка, кармалган жерине жеткен.

Украин Коргоо министрлигинин Башкы чалгын башкармалыгы маалымдагандай, Smyrtos кемеси, эң азында 2025-жылдын март айынан бери орусиялык мунайзаттарды экспорттоого катышат, көбүнчө Ыраакы Чыгыштагы Козьмино портунан чыгат. Акыркы жылы Smyrtos танкери Евробиримдик, Швейцария, Улуу Британия, Украина жана Канаданын "кара тизмесине" кирген.

Орусия мунай экспортуна киргизилген эл аралык санкцияларды кыйгап өтүү үчүн менчиги бүдөмүк болгон танкерлердин "көмүскө флотун" колдонот. "Көмүскө флот" 700дөн ашык кемеден турат жана Орусия мунайынын 75% санкциялардан кыйгап ташыйт.


Шерине

XS
SM
MD
LG