“УКМКнын басымы менен жеримди алдырдым”
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Атайын кызматтын ишкерлерге каршы жасалып келген басымы тууралуу арыз-даттануулар Камчыбек Ташиев УКМКнын башчылыгынан кеткенде күчөдү. Жашы сексенге таяп калган Улукбек Жээналиев да 1990-жылдардын башында мүлктү жеке колдон сатып алганына карабай УКМКнын айынан мамлекетке өткөрүп бергенин айтууда.