Депутат Салык кызматындагы жапырт кыскартуу тууралуу айтты

Салык кызматы. Архив сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Карыбек уулу Салык кызматындагы кескин кыскартууга байланыштуу тынчсыздануусун билдирди. Бул тууралуу парламенттин 17-июндагы жыйынында маселе көтөрүп, жалпы миңдей салыкчы кыскартууга туш болгонун, алардын көбү аймактардагы кызматкерлер экенин белгиледи:

“Аймактарда санарип кызмат канчалык ишке кирди? Биздин улуу муундар санарип системасын кантип колдоно алат? Эртең чоң көйгөй жаралбашы керек. Ошондуктан салыкка тиешелүү мекемелерди чакырып, жообун уксак. Кээ бир кызматкерлердин пенсияга чыгышына аз эле калган экен. Ошолордун ушунча жылдык эмгеги каралбай эле оптимизация же санариптештирүү деген шылтоо менен жумуштан алуу маселеси каралып атат”.

Буга чейин да социалдык тармактарда салык кызматкерлеринин жапырт кыскарып жатышы боюнча билдирүү жарыяланып, бул маселеге президент Садыр Жапаровдун көңүл бурушун өтүнүшкөн.

Мамлекеттик салык кызматы кызматкерлердин кыскаруусу боюнча түшүндүрмө берип, мындай чара системаны санариптештирүү, натыйжалуулукту жогорулатуу жаатындагы мамлекеттик саясаттын алкагында болуп жатканын билдирген.

Кайталанган жана ашыкча кызмат орундарын кыскартуу, адам факторун азайтып, санарип чечимдерди киргизүү каралган.

“Кызматкерлердин штаттык санын болжолдуу кыскартуу да кадрдык потенциалды оптималдаштырууга жана ведомствонун ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган. Мында сөз жөн гана кызматкерлердин санын кыскартуу тууралуу эмес, санариптик технологияларга, процесстерди автоматташтырууга жана квалификациялуу кадрларга негизделген мамлекеттик башкаруунун заманбап жана натыйжалуу моделине өтүү жөнүндө болуп жатат”, - деп жазылган түшүндүрмөдө.

Адамдык факторду азайтып, санариптештирүүнү өркүндөтүү салык системасындагы коррупциялык тобокелдиктерди азайтары да белгиленген.

Дагы караңыз

Бала бакча медайымынын макамы боюнча маселе парламентте көтөрүлдүОрусиялык фрегат Ла-Маншта британиялык яхтага эскертүү иретинде ок ачтыG7 уюму Орусиянын мунайына каршы жаңы санкцияларды убада кылдыИрандын тышкы иштер министри Вашингтон-Тегеран сүйлөшүүсү 19-июнда башталарын билдирди