Ички иштер министрлиги (ИИМ) УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин тергөө учурунда сүйлөгөн видеосунун социалдык тармактарга тарашы боюнча комментарий берди. ИИМдин басма сөз кызматынын жетекчиси Султан Макилов 17-июнда билдиргендей, тергөөнүн кызыкчылыгын жана күбөлөрдүн коопсуздугун камсыздоо максатында соттук иш башында жабык режимде өткөрүлгөн. Кийин айыпталуучулар сот процессин ачык кароону өтүнүп, сот бул талапты канааттандырган.
“Ошондон тартып сот процесси ачык өтүп, иш боюнча маалыматтар коомчулукка жеткиликтүү болду. Бул айыпталуучулардын өздөрү процесстин максималдуу ачык болушун талап кылгандыктан ишке ашкан. Ал эми тергөө учурунда тартылган видеолордун соцтармактарга тарашын атайын уюштурулган акция же саясий максатты көздөгөн аракет катары баалабайбыз. Бул маселеге саясий өңүт бербөө керек деп эсептейбиз. Тергөө маалында видеоматериалдар тергөөчүнүн чечими менен тартылышы мүмкүн”, - деди Макилов.
Ал видеоматериалдар кандай жол менен социалдык тармактарга чыгып кеткени белгисиз экенин кошумчалады.
Буга чейин “75чилердин каты” боюнча сурак берип жаткандардын кадрлары, анын ичинде Камчыбек Ташиевдин видеосу дагы социалдык тармактарга тараган.
Ички иштер министрлиги бул ишке "жашыруун" грифин коюп тергеген. Ошондон улам иш сотко өткөндө да Бишкектин Биринчи май райондук соту аны жабык карай баштаган. Айыпталуучулар жана жактоочулар ачык сот талап кылганы үчүн 15-июндан тартып процесстер ачык өтө баштады.
Бул иш боюнча жалпы сегиз айыпталуучу бар. Алардын ичинен Камчыбек Ташиевге, Жогорку Кеңештин экс-спикери Нурланбек Тургунбек уулуна жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Курманкул Зулушевге Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен кине коюлган. Мурдагы үч чиновник эч жакка чыкпоо тил каты менен эркиндикте.
Ал эми президенттик шайлоону быйыл өткөрүү боюнча катта аты аталган коомдук ишмер Бекболот Талгарбековго, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Эмилбек Узакбаевге, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Дыйканбаевге, мурдагы вице-премьер, экс-депутат Аалы Карашевге жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен айып тагылды. Алар камакта жатат.
Айыпталуучулар коюлган айыпка макул эместигин билдирип келет.