Чехияда салык төлөөдөн качкан деген шек менен өзбек жарандары камалганы кабарланды

Чех полициясы. Иллюстрациялык сүрөт.

Чехиянын полициясы Uber жана Bolt платформалары аркылуу такси кызматын көрсөтүүдө ири көлөмдө салык төлөөдөн качкан деп шектелген сегиз чет өлкөлүк жана эки чех жаранына айып такты.

Жети шектүү соттун чечими менен камакка алынды. Чехиянын маалымат агенттиги билдиргендей, камакка алынгандардын арасында Өзбекстандын жарандары бар.

Тергөөнүн маалыматына ылайык, уюшкан топ 2022-жылдан бери Чехиянын чыгышындагы өлкөлөрдөн айдоочуларды жалдап келип, алардын мыйзамдуу жашап калышына жардам берип турган.

Ошол эле учурда ондогон компаниялардан турган тармак түзүлгөн.

Кардарлар төлөгөн каражаттар Uber жана Bolt аркылуу бул компаниялардын эсептерине которулуп турган. Платформалар өз кызмат акысынын үлүшүн кармап калгандан кийин калган акча компанияларга түшкөн. Бирок тергөөчүлөрдүн айтымында, бул кирешелерден салыктар төлөнгөн эмес.

Полиция мамлекетке келтирилген зыянды 300 миллион чех кронасынан (14 миллион доллардан көп) ашык деп баалоодо.

Уюшкан кылмыштуулукка каршы улуттук борбордун жетекчиси Йиржи Мазанектин айтымында, топтун мүчөлөрүнүн милдеттери так бөлүштүрүлгөн. Айрымдары компанияларды башкарып, айдоочуларды жалдоо менен алектенсе, башкалары бухгалтерияны, банк эсептерин жана жаңы фирмаларды каттоону көзөмөлдөшкөн.

Айыпталып жаткан эки чех жараны компанияларды каттоо жана жашоого уруксат алуу сыяктуу маселелер боюнча жардам көрсөткөн.

Тергөө маалында полиция үйлөрдө жана кеңселерде тинтүү жүргүзүп, электрондук жабдыктарды, документтерди жана башка далилдерди алган.

Ошондой эле 6 миллион чех кронасынан ашык накталай акча, банк эсептериндеги 8 миллион крона жана бир нече автоунаа камакка алынган.

Полиция мындай схемалар акыркы жылдары Европада кеңири жайылып жатканын белгилөөдө. Шектүүлөр күнөөлүү деп табылса, алар 13 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Ишти Прагадагы Жогорку мамлекеттик прокуратура көзөмөлдөөдө.

Дагы караңыз

Депутат Сыдыгалиев Ташиев баштаган үч айыпталуучу да камалышы керектигин айттыИрандагы Шариф университети согуштан 48 млн долларга зыян тартканын билдирдиАйыккыс абалдагы бейтапка акысыз жардам көрсөтүү тартиби бекитилди