Төрага Маматалиев "75чилердин каты" боюнча сүйлөп жатып "чөөлөр арстанга кол салганын" айтты

Марлен Маматалиев.

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев “75чилердин каты” парламентке кантип келгени жана анын максаты тууралуу маалымат берип жатып, “чөөлөр арстанга кол салганын билишкен жок” деп айтты. Ал кат Конституциялык түзүлүштөр, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинде каралып, жалпы сессияга “үч-төрт вариант сунушталмак болгонун” белгиледи.

“Конституция бузулуптур, Баш мыйзам боюнча мындай болушу керек экен” деп, бул мыйзамды өткөрүү аракетинин бири болгон. Бул болгону бир эле жагы. Жөнөкөй сөз менен айтканда, “чөөнүн кылыгын” жасамай болушкан. Ал чөөлөр арстанга кол салып жатканын билишкен эмес. Чөө арстанды уткан учур болгон эмес. Арстандын артында 7 миллион эл турат. Ушул сыяктуу нерселерди кылайын деген аракети болгон”, - деди Маматалиев.

Төрага жыйында “75чилердин каты” парламентке кантип түшкөнү жөнүндө кенен маалымат берген. Ал мындай иш-аракеттин жүрүшүнөн мурдагы спикер Нурланбек Тургунбек уулунун кабардар болгонун кошумчалаган.

Кылмыш ишин козгогон Ички иштер министрлиги тергөө материалдарына "жашыруун" грифин койгон. Ошондон улам иш сотко өткөндө да Бишкектин Биринчи май райондук соту аны жабык карай баштаган. Айыпталуучулар жана жактоочулар ачык сот талап кылганы үчүн 15-июндан тарта процесстер ачык өтө баштады.

Жалпы сегиз айыпталуучу бар. Алардын ичинен УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге, Жогорку Кеңештин экс-спикери Нурланбек Тургунбек уулуна жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Курманкул Зулушевге Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен кине коюлган. Мурдагы үч чиновник эч жакка чыкпоо тилкаты менен эркиндикте.

Ал эми президенттик шайлоону быйыл өткөрүү боюнча катта аты аталган коомдук ишмер Бекболот Талгарбековго, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Эмилбек Узакбаевге, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Дыйканбаевге, мурдагы вице-премьер, экс-депутат Аалы Карашевге жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен айып тагылды. Алар камакта жатат.

Айыпталуучулар коюлган айыпка макул эместигин билдирип келет.

Дагы караңыз

Кыргызстанга Албаниянын президенти Байрам Бегай келдиТөрага Маматалиев "75чилердин каты" боюнча Тургунбек уулунун кабары болгонун айтып чыктыЖРТ жыйынтыгында "Алтын сертификатка" 55 бүтүрүүчү ээ болду"75чилердин каты": Эмилбек Узакбаев келбегени үчүн сот отуруму жылды