Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Жалал-Абад облустук филармониясында коррупциялык көрүнүштөр аныкталганын билдирди.
Мекеменин басма сөз кызматы 18-июнда кабарлагандай, Тыныбеков атындагы облустук филармониянын жооптуу кызмат адамдары мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө мыйзам бузууларга жол берген. Натыйжада, мамлекеттик бюджетке 2 миллион 795 миң 400 сом өлчөмүндө зыян келтирилген.
УКМК бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") менен кылмыш ишин козгогон. Анын алкагында филармониянын мурдагы директорунун милдетин аткаруучу Ж.Д.С., мурдагы башкы эсепчиси М.Д.М. жана товар жеткирүүчү Н.к. А. кармалган. Кармалган шектүүлөр үчөө тең аялдар.
Алар УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда бул кылмышка тиешеси болушу мүмкүн болгон башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары улантылууда.(ZKo)
Жалал-Абад филармониясынын мурдагы кызматкерлери коррупцияга шектелип кармалды
Иллюстрациялык сүрөт