Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында социалдык обьекттин курулушундагы коррупциялык аракеттер боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында мурдагы мэрди жана бир нече кызматкерди кармады.
Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") менен козголгон кылмыш ишине шек саналып, Кара-Көл шаарынын мурдагы мэри О. Н., Кара-Көл мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын мурдагы башчысы К.М.; Кара-Көл мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын мурдагы курулуш адиси М.А. жана курулуш иштерине техникалык көзөмөл жүргүзүүгө жооптуу адис И.М. кармалды.
Маалыматта айтылгандай, Кара-Көл шаарынын мэриясынын кызматкерлери 2024–2025-жылдары Кара-Көл шаарынын "Жетинчи" кичи районунда көп батирлүү турак үйдүн курулушу аяктаган. Аталган объект мурда Кара-Көл шаарынын мэриясынын балансында болуп, жараксыз абалда тургандыктан көп убакыт пайдаланылбай келген. Курулушту аяктоо учурунда жасалгалоо иштерине тендер өткөрүүдө, курулуш нормаларын жана эрежелерин көзөмөлдөөдө, атайын техникалык корутундуларды даярдоодо мыйзам бузууларга жол берилген. Натыйжада мамлекеттик бюджетке 9 миллион 985 миң 400 сом өлчөмүндө зыян келтирилген.
Кармалган экс-кызматкерлер УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда бул кылмышка тиешеси болушу мүмкүн болгон башка адамдарды аныктоо үчүн тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары улантылууда.
УКМК мамлекеттик мурдагы жана азыркы кызматкерлерди коррупциялык иштерге айыптап, кармаган учурлар арбын. Алардын басымдуу бөлүгү турак-жай, жер маселелери боюнча шек саналып кармалышкан.(ZKo)
Шерине