Аба ырайы: Айрым жерлерде жаан катуу жаайт

19-22-июнь күндөрү күндүн ысышына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.

19-июнда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Күндүз көпчүлүк аймктарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 15…20, күндүз 28…33

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 12…17, күндүз 24…29

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 16…21, күндүз 30…35

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 22…27

Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 21…26

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 14 метрге жетет. Абанын температурасы 16…18°, күндүз 29…31° жылуу болот.

Чолпон-Ата шаарында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Абанын температурасы 13…15°, күндүз 23…25° жылуу болот.

Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун температурасы 18-июнда эртең менен 19,8° түздү.

Дагы караңыз

"75чилердин каты": Сот жылды, Жогорку Кеңеш козголдуКызын мурдагы күйөөсү сот чечими турса да бербей жатканына даттанган келин акыйкатчыга кайрылдыМаматалиев АКШ элчисинен кыргызстандыктарга виза режимин жеңилдетүүгө көмөктөшүүнү өтүндүИталиялык музыканттар баалаган Улукмырза Полотов ЖРТ жыйынтыгында "Алтын сертификатка" 55 бүтүрүүчү ээ болду