Трамп менен Пезешкиан Жакынкы Чыгыштагы жаңжалды токтотуу меморандумуна кол коюшту

АКШ президенти Дональд Трамп менен Ирандын лидери Масуд Пезешкиан тынчтык меморандумуна кол коюп жатышкан учур.

АКШнын президенти Дональд Трамп менен Ирандын президенти Масуд Пезешкиан февралдын аягынан бери Жакынкы Чыгышта уланып жаткан жаңжалды токтотууга багытталган өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга эки башка жактан кол коюшту.

Макулдашууга Трамп 17-июнда Франциядагы Версаль сарайында өткөн «Чоң жетинин» (G7) саммитинен кийин кол койгон.

Ак үй жана Франциянын президенти Эммануэл Макрон X социалдык тармагында бөлүшкөн видеодо Дональд Трамптын документке кол коюп жаткан учуру көрсөтүлгөн.

«Бул оңой болгон жок», - деди Трамп документке кол коюп жатып.

Бул учурда иш-чаранын кожоюну болгон Франциянын президенти Эммануэл Макрон жана жыйынга катышкан башка коноктор кол чаап турушту.

18-июнда Ирандын мамлекеттик IRNA маалымат агенттиги президент Масуд Пезешкиандын да келишимге кол коюп жаткан сүрөттөрүн жарыялады.

Сүрөттөрдө Ирандын президенти кол коюлган документти камераларга көрсөтүп турганы көрүнөт. Анда Иран президентинин да, АКШ президентинин да кол тамгалары бар экени байкалат.

Кийинчерээк Ирандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Эсмаил Багаи документ «эки өлкөнүн президенттеринин колу коюлгандан кийин толук күчүнө киргенин» ырастады.

Сүйлөшүүлөргө ортомчулук кылган Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф келишим дароо күчүнө киргенин билдирди.

Келишимге ылайык, алгачкы кадамы катары Иран Ормуз кысыгын кайра ачат, ал эми АКШ деңиз блокадасын алат.

Дагы караңыз

Кызын мурдагы күйөөсү сот чечими турса да бербей жатканына даттанган келин акыйкатчыга кайрылдыМаматалиев АКШ элчисинен кыргызстандыктарга виза режимин жеңилдетүүгө көмөктөшүүнү өтүндүЖалал-Абад филармониясынын мурдагы кызматкерлери коррупцияга шектелип кармалды