18-июнга караган түнү Орусиянын бир катар аймактарына, анын ичинде Москвага, Москва облусуна жана Ростов облусуна жүздөгөн дрон менен чабуул коюлду.
Москва шаарынын мэри Сергей Собянин билдиргендей, абадан коргонуу күчтөрү борборго багытталган 194 дронду атып түшүргөн. Анткен менен алардын айрымдары Москвадагы Капотня районунда жайгашкан мунай иштетүүчү заводго тийген.
ТАСС агенттигинин эсептөөлөрүнө ылайык, Москвага коюлган бул чабуул акыркы эки жылдагы эң ири чабуул болуп калды.
Заводго сокку урулганы тууралуу Telegram-каналдар кабарлап, социалдык тармактарда өрт чыкканын көрсөткөн видеолор тарады. Astra басылмасы ишканада кеминде беш жерде өрт чыкканын жазды.
Бул завод май айынын башынан бери украиналык күчтөрдүн чабуулунан улам экинчи жолу ишин токтоткону белгиленди.
Чабуулдан кийин Внуково, Шереметьево, Жуковский жана Домодедово аэропортторунун иши убактылуу токтоп турду.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Москвага жасалган чабуулдардын кесепеттерин көрсөткөн видеону жарыялады.
Ал бул чабуулдарды Орусиянын Украинага жасаган соккуларына берилген «адилеттүү жооп» деп атады.
Зеленский ошондой эле Батыштагы өнөктөштөрү украин армиясынын алыскы аралыкка сокку уруучу мүмкүнчүлүктөрүнүн натыйжалуулугуна баа бергенин белгиледи.
Украин президенти Орусияны согушту токтотууга чакырып, жаңжалдын уланышы эки тарап үчүн тең оор кесепеттерди жаратып жатканын айтты.
Москва облусунун губернатору Андрей Воробьевдин маалыматына караганда, Жуковский шаарында дрон көп кабаттуу турак жайга тийген.
Орусиянын Коргоо министрлиги бир сутка ичинде жалпысынан 555 украиналык дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди.
Орус армиясы 2022-жылдын февралынан бери дээрлик күн сайын Украинанын аймактарына абадан чабуул коет.