Өзбекстан дүйнө чемпионатында алгачкы тарыхый беттешин өткөрдү

Колумбиянын жарым коргоочусу Жон Ариас, Өзбекстандын чабуулчусу Элдор Шомуродов жана Колумбиянын коргоочусу Йохан Мохика. Өзбекстан-Колумбия беттеши. Дүйнө чемпионаты, Мехико шаары.

Өзбекстандын футбол боюнча улуттук курама командасы дүйнө чемпионатындагы тарыхый алгачкы беттешинде Колумбиянын курама командасына жеңилди.

Мехикодогу «Ацтека» стадионунда өткөн оюн 3:1 эсебинде колумбиялыктардын пайдасына аяктады.

Беттештин 40-мүнөтүндө Даниэль Муньос эсепти ачты.

Экинчи таймда Аббосбек Файзуллаев дүйнө чемпионатынд гол киргизген алгачкы өзбекстандык футболчу болуп тарыхка кирди. Ал эсепти теңеген.

Бирок көп өтпөй Луис Диас Колумбияны кайрадан алдыга чыгарды. Ал эми кошумча убакытта Хаминтон Кампас үчүнчү голду киргизип, оюндагы акыркы чекитти койду.

Өзбекстандын кийинки атаандашы Португалиянын курама командасы болот. Беттеш 23-июнда Хьюстондогу NRG стадионунда өтөт.

Быйылкы дүйнө чемпионатын АКШ, Мексика жана Канада биргелешип өткөрүүдө.

Өзбекстан К тайпасында Колумбия, Португалия жана Конго Демократиялык Республикасынын командалары менен бирге ойнойт.

Өзбекстандын курама командасы алгач ирет дүйнө чемпионатына катышып жатат.

Кураманы дүйнө чемпиону, италиялык машыктыруучу Фабио Каннаваро жетектейт.

Дагы караңыз

Москвага дрондор менен ири чабуул коюлду, мунай заводу бутага алындыКызын мурдагы күйөөсү сот чечими турса да бербей жатканына даттанган келин акыйкатчыга кайрылдыМаматалиев АКШ элчисинен кыргызстандыктарга виза режимин жеңилдетүүгө көмөктөшүүнү өтүндү