Кыргызстан АКШ менен Иран тынчтык келишимине келгенин кубаттады

"Ынтымак ордо" администрациялык имараты.

Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Кыргызстан АКШ менен Ирандын ортосундагы тынчтык келишимине жетишүүнү кубаттай турганын билдирди. Бул тууралуу ал 18-июнда Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Ал “Ынтымак ордо” келишимге жетишүүгө катышкан тараптарга, Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) мүчөсү Пакистанга ыраазычылык билдирерин белгиледи.

“Пикир келишпестиктерди БУУнун Уставынын жана эл аралык укуктун жалпы кабыл алынган ченемдеринин негизинде саясий-дипломатиялык жол менен гана жөнгө салууну ырааттуу жактаган Кыргыз Республикасы келишимге расмий кол коюу аймакта туруктуу жана узак мөөнөттүү тынчтык орнотууга өбөлгө болот деген үмүтүн билдирет”, - деп жазды Алагөзов.

Анын алдында АКШнын президенти Дональд Трамп менен Ирандын президенти Масуд Пезешкиан февралдын аягынан бери Жакынкы Чыгышта уланып жаткан жаңжалды токтотууга багытталган өз ара түшүнүшүү жөнүндөгү меморандумга эки башка жактан кол коюшканы белгилүү болгон.

Макулдашууга Трамп 17-июнда Франциядагы Версаль сарайында өткөн «Чоң жетинин» (G7) саммитинен кийин кол койгон.

Ак үй жана Франциянын президенти Эммануэл Макрон X социалдык тармагында бөлүшкөн видеодо Дональд Трамптын документке кол коюп жаткан учуру көрсөтүлгөн.

«Бул оңой болгон жок», - деди Трамп документке кол коюп жатып.

18-июнда Ирандын мамлекеттик IRNA маалымат агенттиги президент Масуд Пезешкиандын да келишимге кол коюп жаткан сүрөттөрүн жарыялады.

Сүрөттөрдө Ирандын президенти кол коюлган документти камераларга көрсөтүп турганы көрүнөт. Анда Иран президентинин да, АКШ президентинин да кол тамгалары бар экени байкалат.

Кийинчерээк Ирандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Эсмаил Багаи документ “эки өлкөнүн президенттеринин колу коюлгандан кийин толук күчүнө киргенин” ырастады.

Сүйлөшүүлөргө ортомчулук кылган Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф келишим дароо күчүнө киргенин билдирди.

Келишимге ылайык, алгачкы кадамы катары Иран Ормуз кысыгын кайра ачат, ал эми АКШ деңиз блокадасын алат.

Дагы караңыз

Улуттук банк төрагасы санкция маселесинен улам банктарга көзөмөл күчөтүлгөнүн айттыТрамп менен Пезешкиан Жакынкы Чыгыштагы жаңжалды токтотуу меморандумуна кол коюштуМосквага дрондор менен ири чабуул коюлду, мунай заводу бутага алындыКыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат