Журналист Канышай Мамыркулова Фейсбуктагы посттору үчүн тергөөчү чалганын айтууда

Канышай Мамыркулова

Журналист, сот чечими менен пробациялык көзөмөлгө чыгарылган Канышай Мамыркулова 18-июнда Фейсбуктагы баракчасына Ак-Суу райондук милициясынан тергөөчү жана 10-бөлүмдүн кызматкери келе турган болгонун жазды. Ал милиция кызматкерлери телефон аркылуу байланышып, профилактика үчүн аңгемелешүү болорун билдиришкенин "Азаттыкка" кабарлады.

"Мага чалышты, келебиз дешти. Себебин сурасам "Фейсбуктагы постторуңуз үчүн" дешти. Тергөөчү да кошо келе жатканына караганда сурак кылышат окшойт", - деди журналист.

Канышай Мамыркулова 2024-жылы Кылмыш-жаза кодексинин "“Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” жана “Массалык башаламандыктар" беренелери менен шектелип, камалган.

2025-жылы 3-июлда Бишкектин Октябрь райондук соту Канышай Мамыркулованы күнөөлүү деп таап, алты жылга кесип, төрт жылдык пробация жазасын берген. Үч жарым ай тергөө абагында отурган журналист сот залынан бошотулган. Анын адвокаттары райондук соттун өкүмүнө каршы шаардык сотко арыз берген.

Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар кыргыз бийлигине кайрылып, ага козголгон кылмыш ишин токтотууга чакырышкан.

Быйыл 13-февралда Бишкек шаардык соту райондук соттун өкүмүн жарым-жартылай жокко чыгарган. Журналистти күнөөлүү деп таап, аны алты жылга кесип, үч жылдык пробация жазасын чегерген.

Учурда Канышай Мамыркулова Пробация департаментине он күн сайын барып, көрүнүп турат.(ZKo)

Дагы караңыз

Кыргызстанда крематорий ачууну 2040-жылга жылдырган мыйзам колдоо таптыИталиялык музыканттар баалаган Улукмырза Полотов Ысык-Көлдөгү кайык жарыш: Министрдин убадасы, экологдордун эскертүүсүКыргызстан АКШ менен Иран тынчтык келишимине келгенин кубаттадыУлуттук банк төрагасы санкция маселесинен улам банктарга көзөмөл күчөтүлгөнүн айтты