Ноокат районунда аким алмашты

Нурлан Керимкулов.

Президент Садыр Жапаров Ноокаттын акими Данияр Шейшекановду кызматтан алды. Бул тууралуу президенттин администрациясы 18-июнда маалымат таратты.

Анын ордуна 51 жаштагы Нурлан Керимкулов кызматка дайындалды. Мындай кадрдык өзгөрүүлөрдүн себеби айтылган жок.

Мурдагы аким Шейшекановдун президент Садыр Жапаровдун ташпырмасы менен жер-жерлерде эл менен жолугушуудагы сөзү жана жарандарга орой мамилеси социалдык тармактарда талкууга түшкөн.

46 жаштагы Шейшеканов бул кызматка былтыр ноябрда дайындалган.

Нурлан Керимкулов 2016-2020-жылдары Кочкор районунун акими болуп иштеген. 2020-2021-жылдары Жаза аткаруу кызматынын алдындагы “Келечек” ишканасын жетектеген.

Дагы караңыз

Журналист Канышай Мамыркулова Фейсбуктагы посттору үчүн тергөөчү чалганын айтуудаМосквага дрондор менен ири чабуул коюлду, мунай заводу бутага алындыКыргызстанда крематорий ачууну 2040-жылга жылдырган мыйзам колдоо таптыТрамп менен Пезешкиан Жакынкы Чыгыштагы жаңжалды токтотуу меморандумуна кол коюшту