Манас шаарынын мэри Абдупата Маткаликов кызматтан алынды

Абдупата Маткаликов.

Президент Садыр Жапаров Манас шаарынын мэри Абдупата Маткаликовду кызматтан бошотту. Бул тууралуу президенттин администрациясы 18-июнда маалымат таратты.

Мындай өзгөрүү Маткаликовдун башка жумушка өткөнүнө байланыштуу деп түшүндүрүлгөн.

62 жаштагы Абдупата Маткаликов бул кызматка быйыл 20-февралда дайындалган. Ал кесиби боюнча инженер. 2020-жылдагы шайлоодо “Мекенчил” партиясынын тизмесинен Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышканы маалым. 2021-жылкы парламенттик шайлоодо "Ишеним" партиясынын талапкерлеринин тизмесинде болгон.

Ага чейин кызматта турган Эрнисбек Ормоков беш жылдан ашык кызматта турган. 10-февралда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кызматтан алынган соң ага жакын делген бир катар жетекчилердин катарында Ормоков да жумуштан алынган.

Буга чейин Жалал-Абад аталып келген шаар былтыр аталышын Манас деп өзгөрткөн.

Дагы караңыз

Орусиядагы кырдаалдан улам Бишкек-Москва учак каттамдары өзгөрүүдөЖурналист Канышай Мамыркулова Фейсбуктагы посттору үчүн тергөөчү чалганын айтуудаМосквага дрондор менен ири чабуул коюлду, мунай заводу бутага алындыКыргызстанда крематорий ачууну 2040-жылга жылдырган мыйзам колдоо тапты