Президент Садыр Жапаровдун 18-июндагы жарлыгы менен Адабият жана искусство тармагындагы жетишкендиктери үчүн бир катар маданият жана искусство ишмерлерине Токтогул атындагы мамлекеттик сый акы ыйгарылды.
Адабият жаатындагы мамлекеттик сый акы “Бет-Алман” тарыхый романы үчүн жазуучу Ишен Айтмамбетовго, музыкалык искусство жаатындагы мамлекеттик сый акы "Боз жорго" обону үчүн Кыргыз эл артисти, композитор Түгөлбай Казаковго ыйгарылды.
Кино искусство, радио жана телекөрсөтүү жаатындагы мамлекеттик сый акы “Кыргызфильм” киностудиясынын сценаристи жана кинорежиссеру Тилек Абдыкадырга Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган төрт сериялуу тарыхый-документалдуу киноэпопеясы үчүн тапшырылды.
Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык адабият жана искусство жаатындагы көрүнүктүү чыгармалары үчүн кыргыз жарандарына берилет.
1965-жылдын 16-июнунда Кыргыз ССР Министрлер советинин токтому менен кыргыз адабиятын жана искусствосун өнүктүрүү, адабият, музыка, искусство, театр жана кино жаатындагы көркөм чыгармалардын авторлорун сыйлоо максатында акын Токтогул Сатылгановдун туулган күнүнүн 100 жылдыгына карата негизделген.
Сыйлык алгачкы жолу Токтоболот Абдумомуновго, Гапар Айтиевге, Муратбек Рыскуловго, Виктор Виноградовго, Аалы Токомбаевге ыйгарылган.
Кыргызстан эгемендик алгандан кийин 1995-жылы 13-ноябрда өкмөттүн токтому менен аталган сыйлык кайрадан түзүлгөн.
Мамлекеттик сый акы алган адамдарга "Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты" деген наам менен бирге ыйгарылат, акчалай сыйлык, диплом, ардак белги жана лауреаттык күбөлүгү тапшырылат.(ZKo)