Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:45

Ноокат районунда аким алмашты

Нурлан Керимкулов.
Нурлан Керимкулов.

Президент Садыр Жапаров Ноокаттын акими Данияр Шейшекановду кызматтан алды. Бул тууралуу президенттин администрациясы 18-июнда маалымат таратты.

Анын ордуна 51 жаштагы Нурлан Керимкулов кызматка дайындалды. Мындай кадрдык өзгөрүүлөрдүн себеби айтылган жок.

Мурдагы аким Шейшекановдун президент Садыр Жапаровдун ташпырмасы менен жер-жерлерде эл менен жолугушуудагы сөзү жана жарандарга орой мамилеси социалдык тармактарда талкууга түшкөн.

46 жаштагы Шейшеканов бул кызматка былтыр ноябрда дайындалган.

Нурлан Керимкулов 2016-2020-жылдары Кочкор районунун акими болуп иштеген. 2020-2021-жылдары Жаза аткаруу кызматынын алдындагы “Келечек” ишканасын жетектеген.

Шерине

XS
SM
MD
LG