Ош: Жолду кеңейтүү үчүн бузуу иштери учурунда өспүрүм кыз жабыркады

Ош шаары.

Ош шаарындагы Жийделик кварталында жолду кеңейтүү үчүн имараттарды бузуу учурунда 13 жаштагы кыз уранды алдында калды. Окуя 18-июнда Ош көчөсүндө болгонун кыздын жакыны Сайора Юсупова айтып берди.

Юсупованын айтымында, жумушчулар даараткананы бузуп жаткан учурда кыз анын ичинде болуп, урандылар башына түшкөн.

“Жээним дааратканага кирген экен, “үстүмөн дүп этип эле бир нерсе түштү” дейт. Ошол жерде эсин жоготуп коюптур. Апасы кирип эле караса бала жерде жаткан экен. Алып чыгып, суу сээп, өзүнө келгенде ооруканага алып бардык. Бир ооз эскертүү берилбептир да. “Чыгып тургула” десе болмок экен. Келип эле бузуп салыптыр. Азыр эми өзүнө келди. Дарыгерлер мээси чайкалыптыр дешти. Башы айланып, кускусу келип жатат”, - дейт Сайора Юсупова.

Ош көчөсү калаадагы Ош эл аралык аэропортуна чыгуучу негизги каттам. 18-июнда шаардык мэрия бул тилкеде жолду кеңейтүү иштерин баштады.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кыз кабылган окуяга байланыштуу азырынча маалымат бере элек. (NA)

Дагы караңыз

“75чилер иши”: Жогорку Кеңештин жоопкерчилиги кандай? "75чилердин каты": Сот жылды, Жогорку Кеңеш козголду"75чилер каты" боюнча сот башка күнгө жылдыАКШ менен Иран мунаса тапты