Соңку кырдаал: Саясий тиреш тереңдедиби?

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

«Жетимиш бешчилердин каты» аталган чуулгандуу иш боюнча окуя өнүгүп, жаңы жагдайлары ачыкка чыгууда. Бул боюнча парламент депутаттары реакция кылып, спикер Марлен Маматалиев ал иш алдын ала даярдалганын айтып чыкты.

«Жетимиш бешчилердин каты» аталган чуулгандуу иш боюнча окуя өнүгүп, жаңы жагдайлары ачыкка чыгууда. Бул боюнча парламент депутаттары реакция кылып, спикер Марлен Маматалиев ал иш алдын ала даярдалганын айтып чыкты. Адатта оор басырыктуу көрүнгөн Маматалиев эмоционалдуу билдирүү жасаса, айрым депутаттар УКМКнын экс-төрагасы Камчыбек Ташиев баш болгон айыпталуучуларды камакка алууну сунуштады. Буга чейин сот жараянында айыпталуучулар тагылган айыпты толугу менен четке каккан эле. “Жетимиш бешчилердин ишинин” өнүгүү жагдайлары жана парламенттин бүгүнкү реакциясы тууралуу “Эксперттер талдайтта” талкуулайбыз.

Талкууга парламент депутаттары - Талант Мамытов жана Улан Сариев, саясатчы, юрист Клара Сооронкулова жана активист Мукай Керимбаев катышты.