"Баламды согуштан алып кала албадым". Украинада дайынсыз кеткендер көбөйдү

"Хочу жить" долбоорунун маалыматына караганда, Борбор Азиянын ондогон жараны Украинада туткунда.

Украинага каршы согуш башталгандан бери майданда каза болгон орус аскерлеринин саны кеминде 226 миң экени тастыкталды, алардын 200дөйү 18 жаштагылар. Ал ортодо согушка борборазиялыктарды тартуу токтобой жатат. Согушка кеткен жакынын жоготуп же дайынын таппай жатканын айтып кайрылгандар көбөйүүдө.

Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына караганда, өткөн жылы чет өлкөдө каза болгон 460тай кыргызстандыктын сөөгү алынып келинди. Алардын басымдуу бөлүгү Орусиядан келди. Быйыл беш айда "Жүк 200гө" байланыштуу 174 кайрылуу түшкөн.

Бишкектин тургуну Назира Байызбекова Украинадагы согушка кеткен уулунун дайынын жети айдан бери биле албай жүрөт. Анын баласы Айдар согушка былтыр декабрда Москвадан, абактан ары жөнөтүлгөн.

Назира ошондон бери уулунан куш тилиндей кабар ала албай, ар эшикти каккылап жүрөт.

Назира Байызбекова, Украинадагы согушка кеткен баласын издеген эне. 2026, июнь

"Балам машыгуу лагеринде болгон учурда күн сайын сүйлөшүп турдук. Акыркы жолу сүйлөшкөндө телефондон жанындагы балдардын "жеттик, жеттик" деген үнү угулду. Көрсө, ошондо Украинага кирип бараткан экен. Баламдын ыйлаганын такыр көргөн эмесмин, дайыма мени сооротуп турчу эле. Ошол күнү, телефонду өчүрүш керек деп жатканда мени башкача карап, "апа, мен сизди жакшы көрөм" деп ыйлап жиберди. Ошол ошол болду, жети айдан бери кабар ала элекмин. Ошондогу көз карашы дале көз алдымда, жүрөгүмдө турат".

Назира Байызбекова былтыр жыл соңунда машыгуу лагеринде жүргөн баласын Украинадагы согуш талаасына алып кете электе кайтарып алып калууну өтүнүп, кыргыз бийлигине кайрылган.

Ал Орусияда абакта отурган 19 жаштагы уулу келишимге кол коюп, согушка барууга "аргасыз болгонун" "Азаттыкка" айтып берген.

Дагы караңыз

"Апа, согушка кетүүгө мажбур болдум". Назира 19 жаштагы баласын кайтарууга жардам сурайт

Уулу Айдар курьер болуп иштеп жүрүп, маңзат ташууга айыпталып 11 жылга соттолгон. Бир жыл абакта отурган соң Украинадагы согушка барууга макулдугун берип, келишимге кол койгон экен. Ал Назиранын көкүрөк күчүгү.

Баласы согушка барууга өзү макул болгонун айтып, ата-энесине "бул жолго аргасыз бардым" деп түшүндүргөн.

Буркураган эне Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине, Орусиянын Кыргызстандагы элчилигине, Украинанын "Хочу жить" долбооруна жана эл аралык "Кызыл чырым" уюмуна дагы кат жолдоп, уулунун дайынын таап берүүнү өтүнүп келет.

Жакында эле "Кызыл чырым" уюму туткундар арасында анын уулу жок экенин кабарлаптыр. Орусияга жете албай эки көзү төрт болгон эне кайдан, кантип баласын издөөнүн айласын таппай турат.

"Мага бир дайыны чыкса болду эле. Жакында туткундардын арасында жок деген кабар алып, кыжаалат болуп атам. Мен балам алты айда келем дегенде ошого ишендим эле, жети ай болду эч бир дайын жок. Атасы Москвада иштейт. Ага 12-январда согуш талаасына кирсе, 13үнөн баштап дайынсыз деген маалымат беришиптир, - деген Назиранын ою он талаа.

Тилекке каршы, Назира Байызбекова Украинадагы урушка тартылган жакынын издеген жалгыз адам эмес.

Жуман Кыдыкова дагы дээрлик бир жылдан бери орус армиясынын катарында Украинага согушка кеткен жакыны 45 жаштагы Ринат Тиленчиевди издеп келет. Былтыр жазында Орусияга иштегени кеткен Ринаттын аты-жөнү орус тарапта согушуп каза тапкан кыргызстандыктардын тизмесинен табылган.

Тизмени Украинанын мамлекеттик "Хочу жить" долбоору жарыялаган. Анда 1981-жылы туулган Ринат 2025-жылдын 28-июлунда каза болгону жана кайсыл аскер бөлүктө экени, жетон номери көрсөтүлгөн.

"Ал Москвада курулушта иштеп жаткан, ошол жактан кетиптир согушка. Ал жерден эмне болуп кетти, эмне жазып кеткени белгисиз. Москвадан Чеченстанга жөнөтүшүптүр, ал жактан машыгып, анан согушка алып кетишкен. Ал өзү дагы офицер эле. Биз деле согушка кетип калганын билген эмеспиз, мурда-кийин айткан дагы эмес бизге. Ноябрдан бери издеп жатабыз. Атасы алгач Москва барды, анан Ростовго эки жолу барып ДНК анализин тапшырып келди. Чеченстандан кеткенин билгенден кийин ал жакка дагы барды. Командирине жолугуптур, алар каза болгонун, сөөгү кайсыл жерде экенин билишерин айтышыптыр. Ротаны бир тапшырма менен жөнөткөн учурда фугастык бомба түшүп, өрттөнүп кеткенин айтыптыр. "Сөөктөрдү чыгара албай жатабыз, машина менен киргенде эле дрон менен атып, өлүктөрдү алабыз деп тирүүлөр дагы өлүп калсынбы" дептир. "Күтүп тургула, тынчыса эле өзүбүз алып барып беребиз сөөктү" деп айтыптыр", - деди Жуман апа.

Тиленчиев Ринат Украинадагы согушка орус армиясынын катарында катышып, 2025-жылы каза болгон.

Ушул маалыматтарды уккандан кийин Ринаттын жакындары анын арбагына багыштап куран окутушуптур. Ринат Украинанын Запорожье облусуна караган Малая Токмачка айылында каза болгон.

"Чеченстандан атасына бомба түштү деген жерди, кишилердин кумурскадай биринин үстүнө бири өлүп жатканы тартылган сүрөттү көрсөтүптүр. Алардын айтымында, Ринат Малая Токмачка айылында каза болгон. Бул деген мал эмес, адам да. Согушка барганда деле ата-энеңерге кабар бергиле деп айтышы керек эле да. Алты ай баласын издеген тамаша эмес да. Эч ким анын согушка кеткенин билген эмес. Кокустан эле билип калдык. Сөөгү жок болсо дагы куран окудук, 12 жаштагы баласы буркурап ыйлап жатат. Бирок өлгөндүгү тууралуу маалымкат беришти. Бул башка өлкөнүн согушу, антип жөнөтпөш керек болчу. Орусияда согушка азгыруу абдан күчтүү болуп жатыптыр. Жакында дагы бир кайнимдин баласы депортация болуп келди. 1,5 ай бир жерде камалып туруп анан келди. Урган жок дейт, бирок күндө согушка бар деп үгүттөптүр. Өзбекстан, Тажикстандын көп эле жараны кол коюп кетип калганын айтты", - деди Жуман Кыдыкова.

Ринаттын жакындары согушка катышкандыгы үчүн Орусия төлөп берчү каражатты ала элек экен. Артында эки баласы калды.

Тиленчиев Ринат, Украинадагы согушка орус армиясынын катарында катышып, 2025-жылы каза болгон.

Ал ортодо согушка кетип, кайтпай калгандардын дайынын табуу, табылгандан кийин дагы сөөгүн мекенине алып келүү түйшүгү жаралууда.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин "Азаттыкка" берген маалыматына караганда, 2025-жылы чет өлкөлөрдө Кыргызстандын 458 жараны кайтыш болгон, алардын сөөгүн мекенине жеткирүүгө мамлекет 53 млн 258 миң сом төлөгөн.

2025-жылы "Жүк-200" эң көп Орусиядан келген. Былтыр ал жактан 360 кыргызстандыктын сөөгүн алып келишкен. Алар кандай жагдайда каза болгону маалыматта айтылган эмес.

Мындан сырткары, былтыр Түркиядан 39, АКШдан жана Индиядан 14төн, Казакстандан 8, Түштүк Кореядан 3 кыргызстандыктын жасаты келген. Кытай, Италия, Германия, Чехия, Беларустан ар биринен экиден, Австрия, Азербайжан, Бельгия, Бириккен Араб Эмираттары, Ирландия, Литва, Мексика, Кувейт, Өзбекстан, Словакиядан бирден кыргызстандык жарандын сөөгү мекенине жеткирилген.

2026-жылы беш айда чет өлкөлөрдө кайтыш болгон 174 кыргызстандыктын сөөгү мекенине алынып келинди. Бул үчүн мамлекеттен 21 млн 38 миң сом төлөндү.

Быйылкы жылы да "Жүк-200түн" басымдуу бөлүгү, тагыраагы, 137си Орусиядан келсе, Түркиядан 12, Индиядан 8, АКШдан 5 кыргыз жаранынын сөөгү жеткирилген. Казакстандан 2, Түштүк Кореядан 1, Мальта, Түркмөнстан, Кувейт, Вьетнам, Өзбекстан, Германия, Италия, Египет, Кытайдан бирден "Жүк-200" келди.

Орусиядан сөөк алып келүүгө орточо 70 миң рублден 120 миң рублга чейин сарпталат.

Ошентип, Орусияда миграцияда жүргөн жакыны Украинадагы согушка азгырылып кеткенин айтып "Азаттыкка" кайрылгандар аягы үзүлө элек.

Ал тапта Украинанын мамлекеттик "Тапкым келет" ("Хочу найти") долбоору КМШ өлкөлөрүнөн дайынсыз кеткен жакындарын издегендердин саны эки эсе өскөнүн билдирген. Долбоордун өкүлү Богдан Охрименко апрель айында жалпы кайрылгандардын саны 200 миңге чукулдаганын, Кыргызстандан айына 30-40 кайрылуу түшүп жатканын "Азаттыкка" маалымдаган.

Анын айтымында, туткунга түшкөндөр арасында кыргызстандыктар дагы бар. Бирок алардын санын аныктоого мүмкүн болгон жок.

Орус армиясынын катарында согушуп, Украинада туткунга түшкөндөр менен жолугуп келген кыргызстандык журналист Адил Турдукулов кыргыз бийлиги бул көйгөйгө маани берип, жарандардын өмүрүн сактап калышы керек деп эсептейт.

Журналист Адил Турдукулов Украинадагы согуш туткундары менен жолугуп келген. 2026-жыл.

"Жакында АКШнын мамкатчысы Марко Рубио дүйнө тарыхында орус-украин согушунда каза болгондор жаракат алгандардан алда канча көп болгонун айтты. Ал эми алардын көбү аярлуу катмар, ошол эле мигранттар, борборазиялыктар. Алар негизги чабуулга жөнөтүлүп, арасында каза болгондор көп. Туугандарына маалымат жетишсиз, дайынсыз болгондо кайда кайрылууну дагы билишпейт. Бизге кайрылганда кайра эле "Хочу жить" долбооруна жөнөтөбүз. Бул жакта алдын алуучу, жарандар согушка барбашы үчүн бир иш-чаралар керек, бул негизги багыт болушу зарыл. Алардын үй-бүлөсүнө кеңеш берчү саясат жокко эсе. Бул абдан чоң ажырымды жаратат жана мамлекеттин бул маселеге көңүл бурбаганы чоң минус болууда. Расмий маалымат боюнча, бери дегенде 13 миңдей борборазиялык согушта жүрөт, чындыгында бул сан бир нече эсе көп болушу мүмкүн. Буга көңүл бурдуруу журналисттердин, жарандык коомдун дагы милдети. Ошол эле учурда тышкы өнөктөштөр, Европа уюмдары бир гана санкцияларга, экономикага басым жасабай жарандар согушка катышып жатканы боюнча бийликке басым кылуусу маанилүү. Жарандардын өмүрүн сактап калуу мамлекеттин конституциялык эле милдети эмес, эл аралык милдеттенмелердин эң башкы өзөгү. Ошол дагы аткарылбай жатат", - деди Турдукулов.

Өткөн аптада Би-би-синин, "Медиазонанын" журналисттери жана ыктыярчылар тобу Украинага каршы согуш башталгандан бери майданда каза болгон орус аскерлеринин 226 миңден ашыгынын тек-жайы аныкталганын кабарлашты. Алардын арасынан кеминде 200ү 18 жаштагылар.

Өлүмү тастыкталгандардын эң көбү ыктыярчылар. Алар дээрлик 83 миң, келишимдик негизде жөнөгөндөр 46 миң, камакта жаткан жеринен согушка аттангандар 25,5 миң жана мобилизация болгондор 19 миңдей.

Украинанын "Хочу жить" долбоору орус армиясынын катарында согушуп жүрүп каза болгон жүздөгөн борборазиялыктын тизмесин жарыялаган. Алардын 150гө жакыны кыргызстандыктар экени айтылган.

"Азаттык" тизмедегилерден сырткары дагы бир канча кыргызстандык кан майданда каза болгонун аныктаган.

Кыргыз тектүүлөрдүн айрымдарында эки өлкөнүн, Кыргызстан жана Орусиянын паспорту бар экени белгилүү болгон.

Казакстанда, Кыргызстанда, Өзбекстанда Украинадагы согушка катышкандарга кылмыш иштери козголгон. Согушка жалданып, өз мекенине кайтып келгендердин айрымдары соттолуп, беш жылга чейин абакка кесилген учурлар да бар.

Ошол эле кезде чөлкөмдөн барган миңдеген мигрант Орусиянын армиясынын катарында согушуп жүрөт.

Бирок бир дагы өлкөдө Орусия Украинага бастырып кирген төрт жылдан ашуун убактан бери бул согушта канча жараны каза болуп келгени же согушка тартылганы тууралуу расмий маалымат айтыла элек.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев тек гана жарандар өз ыктыяры менен кетип жатканын кайталап, бөтөн элдин согушуна катышуу кылмыш экенин эскертип келет:

Жээнбек Кулубаев.

"Бизде башка өлкөдөгү согушка катышууга тыюу салган мыйзам бар. Ошондуктан, көпчүлүк жарандар согушка катышарын айтышпайт, бирок катышып, ал жакта көз жумгандары бар. Жакындары болсо "миграцияга кеткен, башка кабарым жок" деп, толук маалымат бере алышпайт. Эгерде ал жакта каза болгону аныкталса, министрлик Украинадагы элчилик аркылуу көмөктөшөбүз. Бирок көпчүлүгү кооптонуп, ачык айтышпайт", - деген министр жыл башындагы маалымат жыйынында.

ТИМ 2025-жылдын январына карата расмий маалымат боюнча 608 миңден ашуун кыргызстандык жаран чет өлкөлөрдө миграцияда жүрөрүн, анын 376 миңи Орусияда миграциялык каттоого алынганын маалымдаган.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин 256-беренесинде чет өлкөлөрдөгү согуштарга же аскердик чыр-чатактарга чакыруу, уюштуруу, каржылоо, азгыруу иштери же ага жалданма катары катышканы үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган.