Аннексияланган Крымда жекшембиден тарта бензинди жеке адамдарга жана ишканаларга сатуу убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Орусия дайындаган губернатору Сергей Аксенов билдирди.
Ал эми Севастополдун мэри дүйшөмбү-шейшемби күндөрдө май куюучу жайларда кызматтык жана коомдук автоунаа гана тейленерин маалымдады.
Паром менен каттам токтоп, жүргүнчү ташыган катерлер эле иштеп турат.
Айдоочулар бензин чектелгени, машинеже жөө, велосипед, коомдук транспорт менен жүрөрүн айтышат.
Украина акыркы кезде Орусиянын Кара деңиз флоту жайгашкан Крымга дрон чабуулдарын күч алдырды жана жарым аралды камсыздаган жолдорду бутага алууда.
Эс алуу сезонунун алдында күйүүчү май тартыштыгы жаралды. Бензин Орусиянын жер-жеринде жетишсиз болгондуктан баасы кымбаттады.
Севастополдо көчөлөрдө жарык өчүрүлүп, коомдук иш-чаралар башка күндөргө которулганы кабарланды.
Соода борборлоруна, кафе-ресторандарга эрте жабылуу көрсөтмөсү берилди.
Буга чейин "Крымэнерго" жарым аралдын айрым жерлеринде электр энергиясы өчүрүлгөнүн билдирген.
21-июнга караган түнү украиналык аскерлер Керчтеги мунай базасына, Кавказ портуна жана Керч өтмөгүнө сокку урган.
Аксеновдун айтымында, төрт киши каза тапты, 20дан ашууну жарадар болду.
Украин куралдуу күчтөрү аннексияланган Крымда газдын компрессор станциялары, оккупацияланган аймактарда үч темир жол көпүрөсү бутага алынганын билдирген.