Кыргызстанда геологиялык парктарды түзүү боюнча “Кыргыз Республикасындагы геологиялык парктар жөнүндө” мыйзам долбоору бүгүн, 22-июнда Жогорку Кеңештин профилдүү комитеттеринде биринчи окуудан каралды.
Мыйзамдын демилечилери белгилегендей, геопарктарды түзүү - туристтерди тартуу менен өлкөнүн бюджетине киреше алып келет, жаңы жумуш орундарын түзөт жана башкысы - өлкөнүн жаратылышын бузбай сактоого өбөгө түзөт.
Мыйзам долбоору Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, айлана-чөйрөнү коргоо комитетинде каралып жатканда баяндамачы Камила Талиева геологиялык парктар тууралуу мыйзам жоктугунан өлкөдөгү флора жана фаунасы кооз, түрдүү минералдарга бай, жаратылышы кооз жерлер корголбой, бузулуп жатканын айтты.
"Учурда болгону эки гана геопарк: Ысык-Көлдө Тескей, ал эми Баткенде Мадыгер жерлиги гана геопарк катары иштей баштады. Бизде мындай керемет жерлер аябай көп, бул мыйзам аларды геологиялык парк макамын берүү менен нукура жаратылышын сактап калууга өбөлгө болот", - деди Камила Талиева.
Депутат Махабат Мавлянова Кыргызстанда кен байлыктарды казуу менен жаратылышты талкалоо ордуна геологиялык парктарды көбөйтүүнү сунуштады. Ал буга мисал катары Сауд Арабияны келтирип, учурда өлкө экономикасын өнүктүрүү үчүн мурдагыдай мунайды эмес, туризмди өнүктүрүп жатканын белгиледи.
Отурумда айтылган маалыматтарда, геологиялык парк тууралуу мыйзам Борбор Азия өлкөлөрүндө алгачкылардан болуп Кыргызстанда сунушталууда.(ZKo)
Депутат Мавлянова кен казуу ордуна геопарктарды түзүүнү сунуштады
Дагы караңыз
Шерине