Швейцариянын Бүргеншток шаарында АКШ-Иран сүйлөшүүлөрүнүн биринчи раунду 80 мүнөттөй талкуудан кийин аяктады.
Бул тууралуу ирандык Fars, ISNA агенттиктери жана "Аль-Жазира" телеканалы жазды.
Пакистан жана Катардын арачылыгы менен өтүп жаткан сүйлөшүүлөр ички кеңешүүлөр үчүн убактылуу токтотулду.
Америкалык делегацияны АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс жетектейт. Ирандын атынан сүйлөшүүлөрдү парламент спикери Мухаммад Багер Галибаф жана тышкы иштер министри Аббас Аракчи жүргүзүүдө. Ыктымал макулдашуунун параметрлерин түзүү үчүн техникалык, эксперттик жана көзөмөл топтору түзүлдү.
Tasnim агенттигинин маалымдашынча, Ирандын өкулдөрү сүйлөшүүлөр алдында америкалык делегация менен чогуу сүрөткө түшүүдөн, кол алышуудан баш тартышты.
"Аль-Жазиранын" тасмаларында Ирандын жана АКШнын делегация өкүлдөрүнүн Пакистан арачылары менен кол алышып учурашып жатканы тартылган.
Вэнс биринчи раунддун жыйынтыгында сүйлөшүүлөрдө жылыш болгонун билдирди. Анын сөзүнө караганда, тараптар Вашингтон менен Тегерандын ортосундагы макулдашууга, Израил "Хезболла" согушкер тобуна каршы операциясын улантып жаткан Ливандагы кырдаалга байланыштуу дагы бир катар маселелерди чечүү керек. Вашингтон "Хезболланы" террордук уюм деп тааныган, Европа Биримдиги анын саясий партиясын эмес, куралдуу тобун "кара тизмеге" киргизген.
Tasnim агенттиги сүйлөшүүлөргө катышып жаткан топко жакын булагына шилтеме кылып, Иран Ормуз кысыгын ачуу үчүн Ливандагы согушту токтотуу жана ирандык мунай менен мунай заттарды экспорттоого уруксат берүү шарттарын койгонун маалымдады.
Сүйлөшүүлөр жүрүп жатканда АКШ президенти Дональд Трамп Тегеранга Ормуз кысыгында чектөө киргизчү болсо, Иран өзүнүн мамлекеттүүлүгүн жоготуп алышы ыктымалдыгын эскертти.
Tasnim агенттигинин булагы маалымдагандай, Ирандын өкүлдөрү сүйлөшүү учурунда Трамптын бул эскертүүсү үчүн Америка тарапка каршылыгын билдиришкен. Вашингтон бул маалыматтарды комментарийлеген жок.
Шерине