Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:25

"Талантты таптаганды билчү". Сахна саяпкери Улукмырза Полотовдун мурасы

Улукмырза Полотов.
Улукмырза Полотов.

Кыргыз Республикасынын эл артисти, Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын профессору, III даражадагы “Манас” орденинин ээси Улукмырза Полотов дүйнөдөн кайтты.

Ал кыргыз тарыхында элдик жана академиялык вокалдык өнөрдү айкалыштырган баритон үндүү ырчы, өнөрлүү жаштарды таптаган устат катары из калтырды. Бүгүн андан таалим-тарбия алгандардын алды Европанын чоң сахнасында ырдап жүрүшөт. 83 жашында акка моюн сунган талантты шакирттери жана замандаштары менен бирге эскеребиз.

Улукмырза Полотов айтылуу Жеңижок ырчы жердеген Аксынын кулуну. 1943-жылы Улук айылында жарыкка келген.

Балалыгы согуштан кийинки оор жылдарга туура келгендиктен эмгекке бышып чоңойгон. Мектепти бүтүп, юрист болууга даярданып колхоздо иштеп жүргөндө аскерге чакырылат.

Кайтып келгенден кийин атасы каалагандай сот же прокурор болуу оюнан кайтат. Теңтуштарынын кеңеши менен Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайга тапшырып, аны аяктагандан кийин Кыргыз мамлекеттик искусство институтунан билим алат.

Студент кезинде эле ырдап, эл оозуна алынган жаш ырчы окууну аяктаганда азыркы Опера жана балет театрына "орун жок" деп ишке албай коюшат. Айласы куруп, Ошко кетмей болгондо ошол кездеги маданият министри Күлипа Кондучалова алып калган экен.

Улукмырза Полотов бул анын тагдырын эле эмес, чыгармачылык чыйырын дагы өзгөрткөн чечим болгонун 2023-жылы “Азаттыкка” курган маегинде минтип эскерген жайы бар.

“Насыр Давлесов “Ошко кете берсең болот” деген эле. Аны Күлипа эжеге айтсам, “Сени он жыл окуттук, эми ырдап бересиң” деп болбой койду. Мен 4-курста эле эл аралык конкурстун лауреаты болуп калгам да. “Филармонияда иштеп тур, орун болсо эле опера театрына которобуз” деди. Амангелди Керимбаев катаал жетекчи эле. “Убакыт болсо театрга барып, спектаклдерди жаттап турбаймынбы” десем, “Ошону менен кетип каласың, ушул жерде эле иштейсиң” деп жибербей койгон”.

Ал кезде Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестрине убактылуу ишке кирген жаш ырчы Эстебес Турсуналиев, Ашыралы Айталиев, Тууганбай Абдиев, Замирбек Үсөнбаев баштаган элдик таланттар менен узак жыл иштешем деп ойлобосо керек. Кийин “Камбаркан” улуттук ансамбли менен чет өлкөгө чыгып, кыргыз маданиятын таанытууга салым кошот.

"Шакирттерине баласындай кам көрчү"

Улукмырза Полотовдун педагогдук шыгы 2-курста окуп жүргөндө эле ойгонгон экен. Кыргызстан эгемендик алган жылдары бул кесипти биротоло колго алып, консерваторияда анан Улуттук филармониянын астында ачылган эки жылдык студияда сабак бере баштайт.

Эл артисти, ырчы Сыймык Бейшекеевдин обончулук шыгын алгачкы болуп Улукмырза Полотов байкаган экен.

Сыймык Бейшекеев.
Сыймык Бейшекеев.

“1993-жылы Улуттук филармониянын алдындагы эки жылдык студияга, профессор Улукмырза Полотовдун классына кабыл алынгам. Мыкты педагог, мыкты саяпкер экенин ушундан билсеңер болот, 1993-жылы эле "Эл ырчысы Эстебес" тобуна кабыл алындым. Үч ай ичинде эле ошондой жыйынтык көрсөтүп, бакандай болгон СССРдин эл артистинин тобуна кабыл алынуу баарынын эле шыбагасына буюрбайт. Агай ырдатып көрүп эле кандай ырга шыктуу экениңди байкачу. Кайдан укканын билбейм, бир күнү “Обондоруң бар турбайбы, кана ырдачы” деп калды. “Көлдүк кыз” баштаган эки-үч ырымды аткарсам, “Мыкты кайрыктарың бар экен, сенден мыкты обончу чыгат, керек болсо “Ноорузду” мен дагы ырдайм” деген. Кийин айткандай эле экөөбүз дуэт болуп ырдадык. “Ыр деп эле бирдемени чүргөй салба, сөзүнө маани бер, эл түшүнө турган ырларды ырда” дечү. Кээде сырдашып калчубуз. Шакирттерине баласындай кам көрүп, баласындай ишенген адам болчу. “Кайсы жерде болбогула, мени уят кылбагыла” дечү. Бир ийгиликке жетсең сүйүнүп, улуу башын кичик кылып куттуктачу. “Абитуриенттер Сыймыктын ырынан башканы ырдабай калышты” деп тамашалап калчу”.

Булбул үндүү Токтобек Асаналиев дагы устаты менен токсонунчу жылдардын башында таанышкан экен.

Токтобек Асаналиев.
Токтобек Асаналиев.

“Дүйнөдө эки ата, эки эне болот экен. Бирөө жарыкка алып келген ата-энем болсо, акыркысы турмуш жолумда тарбиялаган атам – Улукмырза Полотов. Агайдын мага, окуучуларына кылган мамилеси, эмгеги өтө зор. Чоң эле ырчылар “Бул балада кемтик бар, операция кылсын, ансыз болбойт” деп өткөрбөй коюшканда, Улукмырза агай көшөрүп “жоопкерчилик менде болот” деп өз классына алган. Сегиз жылдай окудум. Үйүнө чейин алып барып, ырдаганды, адамгерчиликти, мен черте албаган комуздун кайрыктарын үйрөттү. Агайдын мектебинин өзгөчөлүгү – табияттан берилген үндү бузбай, кайра аны өркүндөтүп, кыргызча ыкмаларды колдонуп тарбиялачу. Жүз ырчыны таптаса, үндөрү жүз башка да. Кышында агайды көргөнү үйүнө барып калдым. Карасам, чертип отурган комуздун буроосу жанып кетиптир. Аны колума алып күүлөп, ырдап койсом “Комуз менен өтөсүнө чыгара ырдап калдың, жолуң ачылсын” деп батасын берген”.

Эмгек сиңирген артист, ырчы Анапия Райымбекова кыргыз искусствосунда устаты түптөгөн мектептин орду чоң экенин белгиледи

“Агай өз кезегинде айтылуу опера ырчысы Марлен Темирбековдун шакирти болуптур. Ошого сыймыктанып, көп айтып калчу. Өзү дагы эмгек сиңирген, эл артисттеринин далайын таптап чыгарды. Мен агайдын алгачкы студентимин. Ыраматылык Айтбүбү Атамкулова, Апаз Жайнаков, Алина Жетигенова болуп чогуу окуганбыз. Өз балдарындай кам көрүп, тамак ичкенибизден бери көз салчу. Ырчынын баары эле устат боло албайт. Анткени педагогика оңой эмес, чоң чеберчиликти талап кылат. Агайда ошол сапат күчтүү эле. Студенттеринин баары эле үйүнө барып, баласындай аралашып жүрдүк. Агайдан ырчылык өнөрдү, жеңебизден аялзатына таандык жакшы сапаттарды үйрөнгөнбүз десем болот”.

"Көмөкөй менен ырдоону үйрөткөн"

Бир кезде классикалык опера ырчысы болуу мүдөөсү аткарылбай калганы менен бул жаатта жүргөн бир катар таланттарды таптаган. “Азаттыкка” курган акыркы маегинде шакирти, опера ырчысы Жеңишбек Ысманов менен сыймыктанарын айткан эле.

Жеңишбекке суук кабар Германияда, “Риголетто” операсына даярдык көрүп жатканда жеткен. Студент кезинде ушул чыгарманы устатынын сунушу менен угуп, опера ырчысы болууну эңсеген Жеңишбек Ысманов 2008-жылы Италияга сынакка барып, 327 ырчынын арасынан 17-орунга илинген. Бул өлкөдөн эки жылдык стажировкадан өткөндөн кийин Европадан орун-очок алган.

Жеңишбек Ысманов.
Жеңишбек Ысманов.

“Он алты жашымда улуттук филармониянын эки жылдык студиясы бар эле, ошол жерде окуп калдым. Чопо чоорду үйрөнүп жүргөнүм менен вокалга кызыкчумун. Анан бир күнү агайдан “Менден ырчы чыгабы?” деп сурадым. “Көрөйүн, анан айтам” деди. Ал кишинин сабагы бүткөнчө күтүп отуруп, кетип бараткан жеринен чуркап барып айтсам, кайтып келип ырдатып көргөн. Агайдын студенти болбогондуктан азыноолак тыйын төлөп, окуп жүрдүм. Бир күнү “Бул жакты бүткөндө консерваторияга тапшырасыңбы?” деп сурап калды. “Кандай кеңеш бересиз?” десем, “Үнүң европалыктарга жакын, сенден жакшы опера ырчысы чыгат” деди. "Ал жактан сиз сабак бересизби?" десем, “жок” деди. Ичимен “Мени окуткусу келбей жатат окшойт” деп таарына түштүм. Ал киши оюмду сезген экен. Эртеси сабакта отурсам, эшикти такылдатып чакырып калды. Колунда кассета бар экен. "Ушуну магнитофонго салып ук" деди. Үйгө келип, унутуп калыпмын. Жатарга жакын эстеп кетип койсом эле Лучано Паваротти “Риголетто” операсындагы герцогдун ырын созуп кирди. Денем дүркүрөп, таң аткыча угуп чыккам. Эртеси келип эле “Агай, ырчы болом деп чечтим, мени даярдаңыз” дедим. Кийин жолуксак, “Акча төлөгөн сайын сени аяп жүрөгүм сыгылчу, бирок акы албасам тырышып окубай коет элең да” деп жатпайбы. Эгер агай мага ошондо туура багыт бербесе азыр ким болот элем? Ал киши ар бир шакиртине өзүнчө мамиле кылып, талантын ачканды билчү да. “Сенден жакшы опера ырчысы чыгат” деген. Агайымдын эмгеги текке кетпесин деп бул жакта ырдап жүрөм. Кечээ ошол “Риголетто” операсынын репетициясы өтүп жатканда суук кабар келди. Баягы агайдын кассета бергенин эстеп, көзүмө жаш айланды”.

Улукмырза Полотов педагогикалык кесипти аркалаган жылдары жогорку музыкалык окуу жайлары үчүн элдик ырдоо программасын жана методикасын иштеп чыккан. Элдик устат-шакирт салттарына жана дүйнөлүк академиялык стандартка таянган методикага негизделген автордук мектепти түзгөн.

Жазуучу, публицист Олжобай Шакир кезинде Улукмырза Полотовдон вокалдан сабак алган экен. Кийин элдик жана академиялык өнөрдү айкалыштырган инсан тууралуу “Булбулдардын устаты” деген китеп жазган.

Олжобай Шакир.
Олжобай Шакир.

“Мен Опера балет театрында хордо иштеп жүргөндө үнүм туюк болуп ача албай койгом. Устатым ыраматылык Талгар Жакшылыков эле. Ал киши көкүрөктү ачканды үйрөткөн, бирок үндү каңылжаарга багыттаганды үйрөнө албай коюп Полотовго баргам. Өз чөнтөгүмөн төлөп, вокалды беш жыл окугам. Концертмейстер Светлана Мнацаканова “Кыргыздардын ырдоо стили италиялыктарга жакын, көмөкөй менен ырдашат” деп айтчу экен. Мисалы, Атай Огомбаев, Муса Баетов ж.б. ырчылар академиялык билими жок эле ошентип ырдаган да. Улукмырза Полотов шакирттерине ошол көмөкөй менен ырдоо ыкмасын, ырды трансформация кылууну үйрөтчү. “Жаныңда мени жок деп элестетип, кой жайып жүргөндөй ырда” дечү эле. Ошентип ырдап берсең “Ии, улуттук колоритти таптың, эми үндү кыспай ырда. Наристелер ыйлаганда тээ алыска угулат, биз кыйкырсак дубалдан ары ашпайт, наристедей ырдаганды үйрөнгүлө, үн өзөктөн чыксын” дечү. Өзү баритон үндүү ырчы болгону менен тенорлордун техникасын таба билчү. Ошон үчүн таанымал эле ырчылар агайдан ырдоо техникасын үйрөнүп кеткенин көргөм”.

Музыка жаатында жүргөндөр академиялык багытта билим алган опера ырчылардын арасында Улукмырза Полотовдой элдик колоритке, элдик кайрыктарга басым койгондор аз экенин айтышат.

“Мыкты ырчы мугалим боло албай калышы мүмкүн же мыкты мугалим ырчы боло албай калышы мүмкүн. Агай эки тизгин, бир чылбырды колго алган талант болчу. Өзү классикалык өнөрдүн ээси болсо да, элдик ырдоонун мектебин түптөп кетти. Фольклорду ырдагандардын 95% агайдын мектебинен өткөн десем жаңылышпайм. Студент куракта сабакка уйкуң канбай же ачка келесиң да. Ошондой кезде чөнтөгүнөн тыйын берип “тамак ичип кел, анан сабак өтөлү” дечү. Мага ошондой камкордукту көп кылды. “Силер жеткен бийиктиктерди көрсөт кубанам. Жашоодо жакшы ырчы болуу менен катар жакшы дагы адам болгула” деп турчу. Студенттерин адам кылып тарбиялоо үчүн көп эмгек кылды. Ата-баладай, кээде кесиптештей жүрдүк. Адамды бөлбөгөн, баарына бирдей мамиле кылган жупуну инсан эле”, - деди шакирти, ырчы Аскат Мусабеков.

Улукмырза Полотовдун жубайы Азымкан Мырзаканова Эмгек сиңирген дарыгер, Улуттук онкология борборунда анестезиолог болуп көп жыл иштеген. Тун уулу Нурмат Полотов дирижер. Кызы Мадина дарыгер. Үчүнчү уулу Азамат Полотов ишкер.

Маркумдун сөөгү 19-июнда “Ала Арча” көрүстөнүндө жерге берилет.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG