Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:07

Кытайлык жазуучу Мо Яндын китебинин бет ачары болду

Кытайлык жазуучу Мо Яндын жана азербайжан жазуучусу Анардын кыргыз тилинде чыккан китептери. Июнь, 2026-жыл. (Сүрөт Арслан Капай уулунун баракчасынан)
Кытайлык жазуучу Мо Яндын жана азербайжан жазуучусу Анардын кыргыз тилинде чыккан китептери. Июнь, 2026-жыл. (Сүрөт Арслан Капай уулунун баракчасынан)

"Ысык-Көл форумунун" алкагында Нобелдин лауреаты, көрүнүктүү кытай жазуучусу Мо Яндын кыргыз тилинде чыккан "Өлүп кайра тирилгенден тажадым" китебинин жана азери жазуучусу Анар Расул Оглы Рзаевдин чыгармалар жыйнагынын таанытымы өттү.

Бул тууралуу Жазуучулар бирлигинен билдиришти.

Мо Яндын чыгармасын кыргыз тилине кытайлык кыргыз Жоро Мамбетасан которуп, Бишкекте басып чыгарылган.

Иш-чаранын жүрүшүндө Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Окумуштуулар кеңешинин чечиминин негизинде Мо Янга "Кыргыз улуттук университетинин Ардактуу профессору" наамы ыйгарылды.

Таанытымга чейин Бишкекте Жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев менен Кытайдын Жазуучулар ассоциациясынын төрагасы Чжан Хунсэн баштаган делегация жолугушкан.

Анда тараптар эки өлкөнүн адабий байланыштарын талкуулашып, расмий кызматташтык келишимине кол коюшту.

Мекеменин маалымдашынча, макулдашуу алкагында Кыргызстан менен Кытайдын соңку адабият өкүлдөрүнүн чыгармаларын кыргыз, кытай тилдерине которуу жана биргелешкен адабий долбоорлорду ишке ашыруу каралган.(ZKo)


Шерине

XS
SM
MD
LG