Ош шаардык милициясы жарандарды калаадагы жолду кеңейтүү үчүн айрым турак үйлөрдүн жана имараттардын буздурулушу боюнча туура эмес маалымат таратпоого чакырды. Мекеменин 20-июнда чыгарган билдирүүсүндө айрым социалдык тармак колдонуучулары иш жүрүп жаткан жерден видеолорду интернетке жарыялап, ага улут аралык кастыкты козутушу мүмкүн болгон жана мыйзамга каршы келген пикирлер жазылып жатканы белгиленди.
“Шаардын жолдорун кеңейтүү учурунда мамлекеттик кызматкерлерге карата мыйзамсыз аракет жасагандарга жана коомдук коопсуздукка жана улуттар аралык ынтымакка доо кетирген комментарийлер үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында кылмыш жоопкерчилиги каралгандыгын эскертебиз. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинде (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу) кылмыш жоопкерчилиги каралгандыгын эсиңиздерге салабыз”, - деп жазылган билдирүүдө.
Анын алдында социалдык тармактарда Ош шаарындагы имараттарды бузуу иштеринин жүрүшү жана ага каршылык көрсөткөн адамдардын видеосу тарап, кызуу талкууга түшкөн.
20-июнда калаа мэриясы Ош көчөсүндө жолду кеңейтүү үчүн анын четиндеги имараттарды бузуу башталганын билдирди. Мекеме имарат ээлерине алдын ала түшүндүрүү иштери жүргөнүн жана мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте кенемте төлөнүп берилерин маалымдады.
Шерине