Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:22

Украина дрон жана авиабомба менен аткыланды, адам өмүрү кыйылды

Украина Орусиянын толук масштабдуу агрессиясына 2022-жылдын февралынан бери кабылып келе жатат.
Украина Орусиянын толук масштабдуу агрессиясына 2022-жылдын февралынан бери кабылып келе жатат.

Орусия 20-июнга караган түнү Украинанын Харьков шаарына башкарылуучу авиациялык бомба менен сокку урганын калаа мэри Игорь Терехов билдирди. Анын айтымында, кол салуунун кесепетинен көп кабаттуу эки үй зыянга учурады.

Эртең менен издөө-куткаруу иштеринин жүрүшүндө урандылардын астында каза болгон адамдын сөөгү табылды. Дагы тогуз адам жараат алды, арасында алты жашар бала бар.

Жалпысынан, Украинанын Аскер-аба күчтөрүнүн маалыматы боюнча, 20-июнга караган түнү Орусия ар кандай типтеги 99 учкучсуз учак менен аткылады, алардын 92си атып түшүрүлдү.

19-июнга караган түнү да аталган аймак соккуга кабылган, тогуз адам, анын ичинде төрт бала жабыркаган. 40тан ашуун жеке үй жана кампа зыян тарткан. Запорожье да аткылоого кабылып, май куюучу станцияда өрт чыккан, эки адам жараат алган. Ал эми Днепропетровск облусунун Павлоград шаарында орусиялык дрондун соккусунан сегиз жаштагы кыз каза болуп, дагы бир аял жараат алган. Одесса облусунун түштүгүндө жарандык инфраструктура бутага алынган, жүк ташуучу унаа токтогон жерде өрт чыгып, бир адамдын өмүрү кыйылган, дагы төртөө жаракат алышкан.

Мындан тышкары, Орусиянын аскерлери Кара деңиздин акваториясындагы жарандык кемелерге чабуул коюшкан. Панаманын желеги менен жүргөн кеменин экипажынын мүчөсү каза болуп, эки деңизчи жараат алган. Ошондой эле Сент-Китс жана Невис желеги астындагы кемеге да сокку урулган - экипаждын үч мүчөсү жеңил жараат алган.


Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG