Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Ысык-Көл эл аралык форумунун катышуучулары 20-июнда иш-чараны жыйынтыктоо алдында токтом кабыл алды. Форумда катышуучулар учурда дүйнөлүк өнүгүү бири-бири менен тыгыз байланышкан көп факторлуу кризистер менен коштолуп келе жатканын тынчсыздануу менен белгилешти.
Маселен, геосаясий чыңалуунун күчөшү, куралдуу кагылышуулардын көбөйүшү, климаттык өзгөрүүлөрдүн тереңдеши, социалдык-экономикалык теңсиздиктин күчөшү жана технологиялык өнүгүүнүн ылдамдашы адамзатты системалык туруксуздукка кептегенин айтышты.
Кабыл алынган токтомдо форумду туруктуу негизде улантуу, эл аралык чыр-чатактарды жөнгө салууда диалогду бекемдөө, айлана-чөйрөнү коргоо жана башка маселелер камтылган:
- Глобалдык гуманизмдин, толеранттуулуктун жана жамааттык диалогдун стратегиясын иштеп чыгуу үчүн Ысык-Көл форумунун алдыңкы тажрыйбасына жана Чыңгыз Айтматовдун руханий мурасына кайрылуу;
- Айтматовдун жакшылык кылуу жана руханий экология жөнүндөгү идеяларына негизделген “Ааламдык асылдык” принцибин сунуштоо жана аны улуттук жана аймактык өнүгүү стратегияларына интеграциялоо;
- Мамлекет башчыларын согуштарды токтотууга жана чыр-чатактарды тынчтык жолу менен сүйлөшүүлөр жана конструктивдүү диалог аркылуу чечүүгө чакыруу;
- Эл аралык жана жергиликтүү коомчулукту жаратылышты коргоого, айлана-чөйрөнү сактоого, өзгөчө тоо экосистемаларын, мөңгүлөрдү жана Ысык-Көл биосфералык аймагын коргоо боюнча аракеттерди күчөтүүгө үндөө;
- Ысык-Көл форумуна эл аралык статус берүү, аны ядросуз жана коопсуз дүйнөнү жайылтуу боюнча өнөктөштөрдүн тизмесине киргизүү үчүн БУУга кайрылуу;
- Форумдун ишин үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында төрт жылда бир ирет Кыргызстанда, Ысык-Көлдүн жээгинде өткөрүү;
- Ысык-Көл эл аралык форумунун коомдук башталышта иш алып барган Туруктуу координациялык кеңешин (Катчылыгын) Бишкек шаарында түзүү;
- ЮНЕСКОго гуманизм, жазуучунун чыгармачылыгы жана жергиликтүү жана глобалдык деңгээлдеги кайрымдуулук жөнүндөгү заманбап басылмалар чагылдырылган «Ысык-Көл форуму» онлайн-альманахын түзүүнү колдоого алуусун сунуштоо;
- Планетардык гуманизм, экология жана маданий өзгөчөлүктү сактоо темаларын иштеп чыккан жаш изилдөөчүлөр үчүн Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык стипендия уюштуруу демилгесин көтөрүү;
- Ушул резолюцияда көрсөтүлгөн сунуштар менен демилгелерди колдоо максатында абройлуу эл аралык уюмдарга жөнөтүү.
Ысык-Көл эл аралык форуму 18-июнда башталып, ачылыш аземине президент Садыр Жапаров, экс мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков катышкан.
Форумга конок катары Нобель сыйлыгынын лауреаты жана Кытайдын Жазуучулар союзунун төрагасы Мо Янь баштаган делегация, украин жазуучусу жана котормочусу Васькив Микола, Татарстан Жазуучулар союзунун төрагасы Ркаил Зайдулин, ТҮРКСКОЙдун экс-катчысы Дусенбай Касеинов, Михаил Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин профессору Марклен Конурбаев, Казакстандын президентинин кеңешчиси Бауыржан Омаров, Түрк академиясынын президенти Шахин Мустафаев жана башка жергиликтүү, дүйнөлүк окумуштуулар, коомдук жана саясий ишмерлер келген.
Мындан 40 жыл илгери, 1986-жылы Чыңгыз Айтматов Ысык-Көл форумун негиздеп, бул саамалыкка жыйырмага чукул XX кылымдын көрүнүктүү ишмерлери, ойчулдары катышып, адамзаттын болочогу, алдыдагы коркунуч, чакырыктар тууралуу пикир алышкан.
Шерине