Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июнь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:48

Reuters Израил менен "Хезболла" атышпоо тууралуу макулдашканын жазды

Ливандын түштүк аймагы. 19-июнь, 2026-жыл.
Ливандын түштүк аймагы. 19-июнь, 2026-жыл.

Reuters агенттиги Израил жана "Хезболла" ок атышууну токтотуу боюнча келишимге жетишкенин, ал жергиликтүү убакыт боюнча жума күнү саат 16:00дө күчүнө киргенин жазды. Басылма бул маалыматты америкалык жогорку кызматтагы аткаминерге шилтеме берүү менен чыгарды.

Иранчыл "Хезболла" тобу АКШ жана Израилде террордук уюм деп таанылган.

Reuters агенттигинин маалыматына караганда, келишим АКШ менен Катардын ортомчулугу, ошондой эле Ирандын көмөгү менен жетишилди. Документтин башка деталдары азырынча ачыктала элек.

Тынчтык келишими тууралуу кабар Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху топтун түнкү чабуулунан улам төрт израилдик аскер кызматкери каза болгондон кийин "Хезболлага" катуу сокку урууну убада кылгандан бир нече саат өткөн соң чыкты.

Ошол эле учурда ок атышууну токтотуу тууралуу кабардан көп өтпөй Ливандын жалпыга маалымдоо каражаттары өлкөнүн түштүгүндөгү Кфар-Тебнит районуна Израил сокку урганын кабарлашты.

Израилдик жогорку кызматтагы булак келишим аскер кызматкерлери жана Израилдин түндүгүнүн тургундары үчүн коркунучтарга каршы аракеттерди чектебей турганын жана "Хезболланын" инфраструктурасын жок кылууну улантууга мүмкүндүк берерин билдирди.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG