Президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев мурдагы президент Аскар Акаевдин “Садыр Жапаровго кошумча мөөнөт берүү" тууралуу айтканына комментарий берди. Анын айтымында, бул Аскар Акаевдин жеке пикири жана буга бийликтин эч кандай таасири болгон эмес.
“Бул бир кишинин жеке көз карашы катары гана кабыл алынышы керек. Буга өзгөчө саясий боёк сүртүп, “Акаев айтты, эми ошондой болот окшойт” деп эле чуу кыла берүүнүн эч кандай кажети жок. Туура, алдыда президенттик шайлоо болсо ага Садыр Нургожоевич кайра талапкерлигин коёт. Ошону менен бирге башка да адамдар чыгышса керек. Анан кийинки президенттин тагдырын эл чечет. Жапаров али экинчи мөөнөткө шайлана электе үчүнчү мөөнөт жөнүндө саясат кылып, көбүртүп-жабыртып сөз кылуу таптакыр орунсуз”, - деди Абыкеев 19-июнда “Азаттыкка” берген комментарийинде.
Аскар Акаев президент Садыр Жапаровго кошумча мандат берүү тууралуу пикирин 19-июнда Чолпон-Атада өтүп жаткан Ысык-Көл эл аралык форумунда айткан. Ал Кыргызстан соңку беш жылдыкта болуп көрбөгөндөй өнүгүп жатканын белгилеп, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун, электр станциялардын жана башка объектилердин курулуп жатканын буга мисал тарткан.
“Бирок бүгүн Кыргызстандын экономикасы ишенимдүү түрдө өсүү жолунда баратат. Социалдык чөйрөдө да оң тенденциялар көрүнүүдө, албетте ал 3-5 жыл кечигүү менен сезилет. Биринчи кезекте өсүш болуш керек, эл андан кийин гана ал өсүштүн жемишин татат. Экономиканын мыйзамы ушундай. [...] “Кыргыз экономикалык кереметин” практикалык түрдө ишке ашыруу үчүн президент Садыр Жапаровго кошумча мандат берсе кыргыз эли дайымкыдай эле кеменгерлик кылмак деп эсептейм. А сиздер “экономикалык керемет” кеминде 8-10 жылды талап кыла турганын жакшы билесиздер”, – деген Акаев.
Туңгуч президенттин мындай билдирүүсү жана анын Ысык-Көл форумуна чакырылганы социалдык тармактарда кызуу талкууга түштү.
Кыргызстанды 15 жылдан ашуун башкарган Аскар Акаев бийликтен 2005-жылы март ыңкылабында кулатылган. Ошондон бери үй-бүлөсү менен Москвада жашайт.
Өлкөгө келе албай жүргөн Акаев 2022-жылы Кыргызстанга эки жолу келип, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) Кумтөр маселесине байланыштуу сурак берген. Башкы прокуратура кийин ага тагылган айыптардын баары мөөнөтү өткөндүктөн кыскартылганын билдирген.
2024-жылы сентябрда Акаев экс-президент макамын калыбына келтирип берүү боюнча Жогорку Кеңешке кат жазган, парламент аны четке каккан. Мурдагы президент өзү бийликтен негизсиз кулатылганын айтып келет.
Шерине