Италиянын тышкы иштер министри жана вице-премьери Антонио Таяни АКШ президенти Дональд Трамптын Италиянын премьер-министри Жоржа Мелонинин дарегине айткан сөздөрүнөн кийин АКШга пландалган сапарынан баш тартты.
Буга Трамптын Италиянын La7 телеканалына курган маеги себеп болду. Анда АКШ президенти Мелони G7 саммитинде андан бирге сүрөткө түшүүнү суранганын, буга "боору ооруганынан" макул болгонун айткан.
"Президент Трамптын премьер-министр Жоржа Мелонинин дарегине айткан одоно жана мазактаган сөздөрү менен бүтүндөй Италияны кемсинтти. Ушул себептен мен 21-22-июнга пландалган АКШга сапарымды токтотуу чечимин кабыл алдым", – деп жазды Таяни Х социалдык тармагында.
Мелони буга чейин Трамптын сөздөрүн четке кагып, аларды "толугу менен ойдон чыгарылган" деп атаган.
"Чынын айтсам, мен нес болдум. Америка Кошмо Штаттарынын президенти эмне үчүн өз өнөктөштөрүнө карата мындай мамиле кылып жатканын түшүнбөй турам, бул биринчи жолу болуп жаткан жок", – деди ал Х платформасындагы видео кайрылуусунда.
Өкмөт башчысын Италиянын коргоо министри Гвидо Крозетто да колдоого алды.
"Жоржа Мелони кимдир бирөөдөн, атүгүл коркутушса да, сүрөткө түшөлү деп суранышын элестете албайм", – деп жазды Крозетто. Анын айтымында, мындай билдирүүлөр бардык тарапка зыян алып келет.
CNN телеканалынын маалыматы боюнча, Таяни Майамиде өтө турган бизнес, инвестиция, илим жана инновация боюнча Италия-Америка форумуна катышып, ошондой эле АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио менен жолугушмак.
Дональд Трамп менен Жоржа Мелонинин ортосундагы кризис 2026-жылдын жаз айларынан бери курчуп келет. Апрелде Мелони АКШ президентинин Рим папасынын дарегине айткан сөздөрүн сындаган. Понтифик АКШнын Ирандагы аракеттерин колдобой койгондо Трамп буга жооп кылып аны алсыз деп атаган.
Мелони АКШ президентинин сөздөрү кабыл алынгыс экенин белгилеген. Буга жооп катары Трамп Италиянын премьер-министрин "Тегеранда өзөктүк куралдын пайда болуу коркунучуна кайдыгер карап жатат" деп айыптаган.
Шерине